Чүй облусунун Ак-суу орто мектебинин кенже класстарынын окуучулары ысык тамак менен камсыздалат

Чүй облусунун Ак-суу орто мектебинин кенже класстарынын окуучулары ысык тамак менен камсыздалат

2016-жылдын 7-октябры
Кыргызстан, Бишкек
ПРЕСС-РЕЛИЗ

2016-жылдын 7-октябрында Чүй облусунун Москва районундагы Биринчи Май айылдык аймагынын Ак-Суу айылындагы №4 орто мектептин ашканасынын расмий ачылышы болот. Ашкана үчүн сатып алынган жабдуулардын арты менен кенже класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо үчүн шарттар түзүлдү. Жабдуулар “Туура тамактануу – сапаттуу билимдин кепили” долбоорунун алкагында сатып алынды. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) колдоосу менен Биринчи Май айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ишке ашырды.

“Ак-Суу орто мектебинде 1700 бала билим алат, алардын ичинен 628 бала кенже класстарда окуйт, - деп айтып берди Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркулов Мелисбек. – Зарыл жабдуунун жоктугу өңдүү көйгөй кечээ эле пайда боло калган жок. Бирок биз бул маселени көпкө чече албай убара болдук. Ал эми өз маалында берилген балансталган ысык тамак организмдин курч мүнөздө өтчү респиратордук ооруларга туруштук берүүсүн жогорулатып, дени сак балдардын санынын көбөйүүсүн камсыздайт эмеспи. Адатта мектептеги түшкү тамактар аярлуу үй-бүлөдө тарбияланган балдар үчүн жалгыз толук кандуу жана туруктуу тамактануу болуп калууда. Мектептеги тамактануунун сапаты жана эффективдүүлүгү өсүп келаткан муундун саламаттыгын бекемдөөнүн жана интеллектуалдык өнүгүүсүнүн маанилүү фактору болуп эсептелет. Ошондой эле тамактануу балдардын сабактан калбай билим алуусун жана окуу материалдарын дагы да натыйжалуу өздөштүрүүсүн жакшыртат”. 

Айылдагы артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктоого арналган чогулушта жергиликтүү калкка үч долбоор сунушталды: таштанды чыгаруу үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоор, суу түтүк тармактарын жарым-жартылай оңдоп-түзөө боюнча долбоор жана мектеп ашканасына жабдууларды сатып алуу менен кенже класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо боюнча долбоор. Үч долбоордун баяндамаларын угуп чыгып, Биринчи Май муниципалитетинин жашоочулары окуучуларга ысык тамакты уюштуруу үчүн мектеп ашканасына жабдууларды сатып алуу боюнча долбоорго добуш беришти. Калктан колдоо алынгандан кийин долбоор ЭҮЖӨБОЖ Долбоору уюштурган Чакан гранттар программасынын конкурсуна жиберилди. Ошентип Конкурстук комиссиянын чечими менен бул долбоор ишке ашырылышына 1 миллион сомдон бөлүнгөн 17 долбоордун бири болуп калды.

Жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын эсебинен Айыл өкмөтү мектептин ашканасында 527 000 сомго капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жасады: дубалдардын кафели, төшөлмөлөр, терезе блоктору жана электр сымдары алмаштырылды. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору бөлгөн 1 000 000 сомдук гранттык каражатка жана кошо каржылоо катары жергиликтүү бюджеттен берилген 407 249 сомго ашкана үчүн жабдуулар сатып алынды. Алар: мештер, кууруп бышыруу үчүн шкафтар, табалар, камыр жасоочу жабдуулар, муздаткычтар, суу ысыткычтар, үстөлдөр, ванналар, текчелер, май өткөрбөгүчтөр жана тараза. Ошентип Ак-Суу айылындагы №4 орто мектептин 628 окуучусун ысык тамак менен камсыздоо үчүн шарттар түзүлдү.

Толук маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар