Ысык-Көлдө Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомунун катышуусу менен форум өтөт

Ысык-Көлдө Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомунун катышуусу менен форум өтөт

2016-жылдын 18-октябры
Кыргызстан, Ысык-Көл облусу, Булан-Сөгөтү айылы
ПРЕСС-РЕЛИЗ

2016-жылдын 18-19-октябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылында “Жергиликтүү демилге-2016” темасына аймактык форум өтөт. Форумга Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айылдык аймактарынан жана чакан шаарларынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун 60ка жакын өкүлү катышат. Форумду Швейцария өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору уюштуруп жатат.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар актуалдуу маселелерди карап, талкуулап, аларды жергиликтүү деңгээлде ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын кызматташуусу менен чечүү жолдорун издешет. Мындан тышкары иш-чаранын процессинде Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын муниципалитеттери арасында өткөрүлгөн төрт конкурстун жыйынтыктары жарыяланып, жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундардын ээлерине дипломдор, сертификаттар тапшырылат.

“Бардык төрт конкурс боюнча жеңүүчү муниципалитеттер кесиптештерине өз долбоорлорун тартуулашат, - дейт Долбоордун жарандардын катышуусу боюнча адиси Айнура Балакунова. – Натыйжалуу талкуу өткөрүп, форумдун максаттарына жетүү үчүн катышуучулар топтордо иштешет. Ал эми биздин максат – катышуучуларга жеңген долбоорлорду мыкты практиканын мисалы катары жеткирүү. Биз конкурстун катышуучуларына мисалдарды жакшылап изилдеп, аны өз аймагында сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн беребиз”.

2016-жылы Чүй облусундагы муниципалитеттер арасында “Жергиликтүү демилге – 2016” конкурсунун байге фонду 501 000 сомду түздү. 2016-жылдын сентябрь айынын башында Долбоор “Жергиликтүү демилге 2016” конкурсунун жыйынтыктарын чыгарган. Конкурс 2016-жылдын 5-июлунан 5-августка чейинки мезгил аралыгында Чүй облусунун бардык айылдык аймактарында жана чакан шаарларында өткөрүлгөн.

Чүй облусу боюнча конкурска баары болуп 18 муниципалитеттен 47 өтүнмө түшкөн. Конкурстун негизги максаты – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү мисалдарды аныктоо, жана ал мисалдарды ишке ашырган муниципалитеттерге дем берүү жана бул демилгелерди андан ары жайылтуу болгон. Муну менен катар конкурс Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамааттардын өнөктөштүгү менен жасалган иштерде алдыңкы усулдарды жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын колдонууга көмөктөшүшү керек болчу. Жергиликтүү жамаатка пайдалуу жана башка айылдык аймактарда колдонулса боло турган иш-чараларды өткөргөн жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар конкурска катышуу укугуна ээ болушту.

Курамына КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, “Айкын бюджет үчүн” Альянсынын, Өнүктүрүү демилгелер агенттигинин, Долбоордун жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү кирген Конкурстук комиссия, келип түшкөн 47 өтүнмөнү карап чыгып, баалап, байгелүү орундарды төмөнкүчө бөлүштүрдү:

  • 1-орун – “Таза суу – бул ден соолук жана узак өмүр”, Панфилов районунун Фрунзе АА, 135 000 сомдук байге ыйгарылат;
  • 2-орун – “Суу – бул өмүр булагы”, Сокулук районунун Кызыл-Туу АА, 90 000 сомдук байге ыйгарылат;
  • 3-орун – “Таза суу – ден соолуктун кепили”, Кемин районунун Боролдой АА, 63 000 сомдук байге ыйгарылат;
  • 3-орун – “Балдарыбыздын бактылуу балалыгы – бул биздин келечегибиз”, Ысык-Ата районунун Кочкорбаев АА, 63 000 сомдук байге ыйгарылат.

Мындан тышкары комиссия дагы башка жергиликтүү демилгелерди оң баалап, 8 өтүнмөгө 13 500 сом көлөмүндөгү шыктандыруучу байгелерди ыйгарды:

  • “Спорт – бул инсанды жетилтүү жана лидерликти аныктоо” – Гроздь АА, Аламүдүн району,
  • “Жеткиликтүү таза суу” – Күн-Туу АА, Сокулук району,
  • “Көчө чырактары – ашкере байлык эмес, зарылчылык” – Таш-Мойнок АА, Аламүдүн району,
  • “Балдарга мектепке чейинки билим берүү боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү” – Кемин шаары,
  • “Спорт – бул дени сак адамдын бекем духу” – Юрьевка АА, Ысык-Ата району,
  • “Эч ким унутулбайт, эч нерсе унутулбайт. Согуштан кайтып келген ардагерлерге жана оорукчуларга эстелик тургузуу” – Бурана АА, Чүй району,
  • “Новопавловка айылындагы майыптуулугу бар балдардын ата-энелерин активдештирүү жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн инклюзивдик аянтча түзүү” – Новопавловка АА, Сокулук району,
  • “Тынчтыктын жана ынтымактын көчөсү” – Новопокровка АА, Ысык-Ата району.

7000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелер төмөнкү алты өтүнмөгө ыйгарылды:

  • “Эс алуу зонасы” – Ак-Башат АА, Жайыл району,
  • “Жакшы жол – жамааттын бакубатчылыгы” – Александровка АА, Москва району,
  • “Ата-эненин жана баланын кыялы!” – Ленин АА, Аламүдүн району,
  • “Ынтымак” – Кайназаров АА, Сокулук району,
  • “Шамси көчөсүндөгү Ынтымак аллеясын көрктөндүрүү” – Токмок шаары,
  • “Окуучулар айылдын тазалыгы жана көркү үчүн” – Байтик АА, Аламүдүн району.

 

Байге кору 400 000 сомду түзгөн “2017-жылдын бюджетин түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсу жергиликтүү бюджеттин долбоорунда калктын керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эсепке алуу, ЖӨБ органдарынын айкындуулугунун жана калк алдындагы отчеттуулугунун деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү жаатында ЖӨБ органдарынын тажрыйбасына жана каалоосуна дем берүү максатында Чүй облусунун муниципалитеттери арасында өткөрүлгөн.

«2016-жылдын 15-майынан 15-августуна чейинки аралыкта өткөрүлгөн бул конкурска Чүй облусундагы 12 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнөн 12 өтүнмө түштү, - деп билдирди Долбоордун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат Мамытов. – Жашырындуулукту сактоо жана Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү объективдүү баа бериши үчүн бардык конкурстук өтүнмөлөрдө муниципалитеттин аталышынын ордуна коддор коюлуп, андан кийин гана комиссия мүчөлөрүнүн кароосуна жиберилген».

Конкурстук комиссиянын чечимине ылайык, байг орундары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • 1-орун – Чүй районунун Бурана айыл өкмөтү, 100 000 сомдук байге ыйгарылат.
  • 2-орун – Ысык-Ата районундагы Юрьевка айыл өкмөтү, 80 000 сомдук байге ыйгарылат.
  • 3-орун – Аламүдүн районундагы Гроздь айыл өкмөтү, 70 000 сомдук байге ыйгарылат.

Ошондой эле комиссия үч ЖӨБ органына 30 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарды:

  • Кызыл-Туу АӨ, Сокулук району,
  • Кең-Булуң АӨ, Ысык-Ата району,
  • Биринчи Май АӨ, Москва району,

жана төмөнкү 6 ААнын ар бирине 10 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарылды:

  • Кочкорбаев АӨ, Ысык-Ата району,
  • Күн-Туу АӨ, Сокулук району,
  • Он-Бир жылга АӨ, Чүй району,
  • Фрунзе АӨ, Панфилов району,
  • Таш-Мойнок АӨ, Аламүдүн району,
  • Боролдой АӨ, Кемин району.

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери арасында “Жергиликтүү демилге – 2016” конкурсу. Байге фонду: 356 500 сом. Конкурстук комиссия эки облустун муниципалитеттеринен түшкөн 36 өтүнмөнү карап чыгып, баа берди жана 2016-жылдын 12-октябрында жыйынтыгын чыгарды. Комиссиянын чечимине ылайык, байге орундары төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 1-орун  - “Бел-Алды ААда Сары-Согот жана Бел-Алды айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо”, Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Бел-Алды АА, 135 000 сомдук байге ыйгарылат;
  • 2-орун – “Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектептин кенже класстары үчүн тамактануу жана санитардык шарттарды жакшыртуу”, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң АА, 90 000 сомдук байге ыйгарылат;
  • 3-орун – “Жаштар өз көйгөйлөрүн өздөрү чечүүдө”, “Адеп булагы” коомдук фонду, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери АА, 63 000 сомдук байге ыйгарылат.

Мындан тышкары комиссия төмөнкү 3 өтүнмөнү 13 500 сом көлөмүндөгү шыктандыруучу байге менен сыйлоону чечти:

  • “Бөбөктай Байэл” бала бакчасынын ачылышы” – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз АА;
  • “Суу – өмүр булагы, суу – жашоонун өзөгү” – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо АА;
  • “Чек арадагы канал, же чек ара зонасында жашаган калкка дем берген демилге” – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи май АА.

Ошондой эле комиссия төмөнкү төрт өтүнмөгө 7000 сом көлөмүндөгү шыктандыруучу-сооротуучу байге ыйгарды:

  • “Жон айылындагы чакан футбол талаасынын курулушу” – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон АА;
  • “Жамааттык бала бакчаны өнүктүрүү” – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол АА;
  • “Перизат” бала бакчасынын тегерегин тосуу жана абаттоо, ошондой эле балдардын короодо ойноосу үчүн шарт түзүп берүү” – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык АА;
  • “Ак-Чий айылындагы Жеңиш көчөсүн жарыктандыруу” – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий АА.

“Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу” конкурсу. Байге фонду: 200 000 сом. Конкурс 2016-жылдын 19-сентябрынан 30-сентябрына чейинки мезгил аралыгында бейөкмөт уюм катары катталган жана Чүй облусунун муниципалитеттеринин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдарынын арасында өткөрүлдү.

“Конкурс жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга, бюджеттик процесске катышууга укуктарын коргоодо ийгиликке жетишкен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отчеттуулукка жете алган жарандык коом уюмдарын (БӨУ) аныктап, аларга дем берүү максатында өткөрүлдү, - дейт Долбоордун талаа иштериндеги Координатору Алтынай Бузурманкулова. – 2016-жылдын 12-октябрында курамына КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын, КР Финансы министрлигинин, “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсы” КЮЖнын, Долбоордун жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү кирген Конкурстук комиссия келип түшкөн 12 өтүнмөнү карап чыгып, жыйынтык чыгарды. Комиссиянын чечимине ылайык, төмөнкүлөр жеңүүчү деп аныкталды:

  • 1-орун – “КР элеттик аялдарды активдештирүү жана бюджеттик процесске тартуу”, “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсы” КЮЖ, 70 000 сомдук байге ыйгарылат;
  • 2-орун – “Байтик ААда керектөөлөрдү аныктоо жана жарандарды бюджеттик процесске тартуу”, “Жамааттарды өнүктүрүү борбору” мекемеси, 45 000 сомдук байге ыйгарылат;
  • 3-орун – “Чуй облусундагы 2 пилоттук айыл өкмөттө – Маевка жана Красная речка айылдарында жаштарды өнүктүрүүнүн жергиликтүү стратегиясын иштеп чыгуу жана жайылтуу”, “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук уюму, 25 000 сомдук байге ыйгарылат.

Комиссия кошумча төмөнкү 5 өтүнмөнү белгилеп, 12 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарды:

  • “ЖКУ (БӨУ) күчү менен коомдук иш-чараларга мониторинг жүргүзүү”, “Ырыс-Таалай” коомдук кайрымдуулук фонду,
  • “Айылдык аймактын келечеги кесипкөй кадрларга жана кызыкдар калкка көз каранды”, “АВЕП” коомдук фонду,
  • “Майыптуулугу бар балдарга жашаган жери боюнча кызмат көрсөтүү боюнча жергиликтүү бийлик менен биргелешкен иш алып баруу”, “Бала кыялы” коомдук уюму,
  • “Эрте кийлигишүү кызматын түзүү – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын эрте куракта өнүгүүсүнө жана билим алуусуна жеткиликтүүлүктү камсыздоо”, “Өзгөчө бала” коомдук уюму,
  • “2014-жылы Кемин шаарында бюджет долбоорун кароо”, “Өнөр булагы” коомдук уюму.

“2016-жылы биздин Долбоордун алкагында өткөрүлгөн 4 конкурстун жалпы байге фонду 1 миллион 457 миң 500 сомду түздү, - деп жыйынтык чыгарат Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин өтүнмөлөрүнө ылайык, бул каражаттарга жергиликтүү жамааттын ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшө турган жабдуулар сатып алынган жана сатып алынат. Шыктандыруучу байгелердин ээлери да жеринде коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон түрдүү шаймандарды жана жабдууларды сатып алышты. Мындан тышкары бала бакчалар үчүн оюнчуктар, китептер, отургучтар, үстөлдөр сатып алынды. Албетте биз жергиликтүү бюджеттердин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыздоодо элеттик муниципалитеттердин аракеттерине дем берүү максатында аларга колдон келген жардамды жана колдоону уланта беребиз”.

Жергиликтүү демилгелер тууралуу кенен баяндарды “Муниципалитет” журналынын сентябрь айындагы чыгарылышынан таба аласыз.

Толук маалымат төм. сайттарда жайгашкан: www.vap.kg, www.dpi.kg 

Толук маалымат үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси  Нургуль Жаманкуловага кайрылыңыз. Тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар