Гроздь аймагынын ЖӨБ органдары орто мектептин материалдык-техникалык базасын жаңылап берди

Гроздь аймагынын ЖӨБ органдары орто мектептин материалдык-техникалык базасын жаңылап берди

2016-жылдын 16-декабры
Кыргызстан, Чүй облусу, Гроздь а.
ПРЕСС-РЕЛИЗ

2016-жылдын 16-декабрында Гроздь айылындагы орто мектепте “Баары өз колубузда” аттуу долбоордун аяктаганына арналган расмий иш-чара өтөт. Бул мектеп Чүй обусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылдык аймагында жайгашкан. Долбоордун алкагында мектептин материалдык-техникалык базасын жабдуу жолу менен мектепте билим берүүнүн шарттары жакшыртылды – эмеректер, маалыматтык-коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн компьютердик жабдуулар жана уюштуруу техникалары сатып алынды. Бул долбоор Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ) колдоосу менен Гроздь айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылды.

Гроздь мектебинде 600дөн ашуун бала билим алат жана 32 мугалим иштейт. Жогорку класстардын окуучулары үчүн окуу бөлмөлөрүндө парталар жана отургучтар жетишсиз, себеби көпчүлүк класстарда 30-35 окуучу бар. Окуу бөлмөлөрүндө эмеректердин жетишсиздиги сабактарды толук кандуу жана сапаттуу өткөрүүгө тоскоолдук жаратып келген. Жыйын залында көрүүчүлөр үчүн отуручтар жок болчу. Ошондуктан жыйын залында иш-чара өткөргөндө отургучтарды кошуна кабинеттерден алып келишчү. Бул болсо иш-чараны уюштуруу иштерин татаалдаштырчу.

Мектепти зарыл болгон эмерек жана жабдуулар менен камсыздап, ЖӨБ мектептин “Биримдик көп түрдүүлүктө” деп аталган долбоорго (БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу алдына ЮНИСЕФ жана Качкындардын иши боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы) катышуусуна да көмөк көрсөттү. Эми Гроздь айылдык аймагынын окуучулары мурдагыдан дагы ыңгайлуу, ошондой эле көп улуттуу жана көп маданияттуу чөйрөдө жигердүү жана эффективдүү шарттарда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мектептин материалдык-техникалык базасынын начар абалы жамааттын муктаждыктарын биргелешип изилдөө маалында аныкталды. Жалпысынан ондон ашык ЖМБА иш-чаралары өткөрүлүп, аныкталган көйгөйлөр Биргелешкен аракеттер планында чагылдырылган. Артыкчылыктуу долбоорду тандап алууга арналган чогулушта “Баары өз колубузда” долбоору эң көп добуш алып, андан соң ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын алкагында конкурстук тандоодон өттү. Белгилей кетчү жагдай, аялдардын ЖМБА иш-чараларына катышуусу орточодон көбүрөөк болуп, 39% түздү. Бул жагдай да каралып жаткан долбоорлордун арасына балдар үчүн шарт түзүп берүү маселесинин кирип калуусуна көмөктөштү. Долбоорду тандап алуу боюнча чогулушка катышкандардын тең жарымы аялдар болгону (46%) да чечимге таасирин тийгизди: алардын башкаларды көндүрүү, туура жүйө келтире алуу жөндөмдүүлүгү жана өзгөчө балдар үчүн максатка жетүү жолунда ырааттуулук катышуучулардын басымдуу бөлүгүн биринчи кезекте мектепте шарт түзүү үчүн каржылоо издеш керектигине ынандыра алды. Депутаттар да чогулуштун катышуучуларынын пикирлерин колдоп берип, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү.

Долбоордун жалпы баасы 1 110 713 сомду түздү, анын ичинен 1 млн. сому Чакан гранттар программасынан жана 110 713 сому жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде товарларды сатып алуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы талаптарга ылайык жүзөгө ашырылды. Айыл өкмөттүн кызматкери мамлекеттик сатып алуулар боюнча Долбоор уюштурган тренингге катышты. Гроздь айыл өкмөтү өткөргөн конкурстун жыйынтыгы боюнча “ULTRA-X” ЖЧК жана “Кыргызмебель” ААК компаниялары жеңүүчү деп табылды.

Версия для печати: print

Иш-чаралар