«Ачык-айкын бюджет үчүн» Альянсы» КЮЖ Чуй облусунда жарандарды бюджеттик процесске тартуу боюнча мыкты бейөкмөт уюм деп табылды

«Ачык-айкын бюджет үчүн» Альянсы» КЮЖ Чуй облусунда жарандарды бюджеттик процесске тартуу боюнча мыкты бейөкмөт уюм деп табылды

ПРЕСС-РЕЛИЗ
10 октября 2016 г.
г.Бишкек

2016-жылдын 19-сентябрынан 30-сентябрына чейинки мезгил аралыгында бейөкмөт уюм катары катталган жана Чүй облусунун муниципалитеттеринин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдарынын арасында “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (БӨУ) ролу” конкурсу өткөрүлдү. Конкурстун байге фонду 200 000 сомду түздү.

“Конкурс жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга, бюджеттик процесске катышууга укуктарын коргоодо ийгиликке жетишкен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отчеттуулукка жете алган жарандык коом уюмдарын (БӨУ) аныктап, аларга дем берүү максатында өткөрүлдү, - дейт Долбоордун талаа иштериндеги Координатору Алтынай Бузурманкулова. – 2016-жылдын 12-октябрында Конкурстук комис-сия келип түшкөн 12 өтүнмөнү карап чыгып, жыйынтык чыгарды. Комиссиянын чечимине ылайык, төмөнкүлөр жеңүүчү деп аныкталды:

  • 1-орун – “КР элеттик аялдарды активдештирүү жана бюджеттик процесске тартуу”, “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсы” КЮЖ, 70 000 сомдук байге ыйгарылат
  • 2-орун – “Байтик ААда керектөөлөрдү аныктоо жана жарандарды бюджеттик процесске тартуу”, “Жамааттарды өнүктүрүү борбору” мекемеси, 45 000 сомдук байге ыйгарылат;
  • 3-орун – “Чуй облусундагы 2 пилоттук айыл өкмөттө – Маевка жана Красная речка айылдарында жаштарды өнүктүрүүнүн жергиликтүү стратегиясын иштеп чыгуу жана жайылтуу”, “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук уюму, 25 000 сомдук байге ыйгарылат.
Версия для печати: print

Иш-чаралар