Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору талкууланды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору талкууланды

ПРЕСС-РЕЛИЗ
21-июль, 2017-ж.
Бишкек ш.

2016-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун талкуулоо боюнча конференция өткөрдү.

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” жаңы Мыйзам 2016-жылдын 7-июнунан тартып күчүнө кирди. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратынын, эл аралык уюмдардын (ПРООН, БУУ) өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын статс-катчылары катышты. Аталган иш-чара ПРООНдун жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын, Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Нурханбек МОМУНАЛИЕВ белгилегендей, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” жаңы Мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болду. Алар мамлекеттик жана муниципалдык органдардын күнүмдүк ишинде Мыйзамды тууралуу колдонуу маселелерин жөнгө салат.

“Бүгүнкү күндө Мамлекеттик кадр кызматына караштуу түзүлгөн, курамына мамкызматчылар, юристтер жана көз карандысыз эксперттер кирген жумушчу топтор бир катар документтердин долбоорлорун иштеп чыгышты. Алар бүгүнкү ишчаранын жүрүшүндө талкууланды, - деп айтты Н. МОМУНАЛИЕВ. – Бүгүнкү күндө мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик башкаруу механизминде өзгөчө орунду ээлейт, мамлекеттик саясаттын максаттарына жетүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо үчүн өзөктүк стратегиялык ресурс болуп эсепте-лет. Мыйзам алдындагы актылар канчалык сапаттуу иштелип чыкканынан мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын ишинин эффективдүүлүгү көз каранды”.
 
ӨСИ башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА өз сөзүндө МКК тарабынан жаңы мыйзамдын ийгиликтүү аткарылышына багытталган ишаракеттер канчалык маанилүү болгонун жана өз убагында жасалып жатканын белгиледи: “Өнүктүрүү саясат институту мамлекеттик эмес уюм болуп эсептелет. Бирок биздин миссиябыз – адамдын татыктуу жашоо укугун ишке ашырууда жергиликтүү жамааттарга жана башкаруу органдарына көмөктөшүү. Узак убакыттан бери муниципалдык кызматчылар мамлекеттик кызматчыларга салыштырмалуу дискриминацияга дуушар болуп келген жана бул региондордун өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген. Жаңы мыйзам бул көйгөйдү чечет. Анткени бул мыйзам – адамдар үчүн мамлекетти түптөөгө жасалган чоң кадам. Эми карьералык өсүшкө, бирдей маянага, ротация мүмкүнчүлүктөрүнө, кадрлар резервине кошууга карата бирдей мамиле жасалып, мунун арты менен муниципалдык кызмат кесиптик кызмат системасына кошулууда. Ошону менен бирге ЖӨБ органдарынын функциясына жана ыйгарым укуктарына кандайдыр бир кол салуулар болбойт.
 
2012-жылдын 1-ноябрында МКК менен түзүлгөн Кызматташуу тууралуу Меморандумдун алкагында Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун атынан Өнүктүрүү саясат институту 2013-2017-жылдарга КРда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өнүктүрүү Программасын жана МКК бекиткен бир катар башка маанилүү документтерди иштеп чыгууга жигердүү катышты. Биз ошондой эле муниципалдык кызматчыларды окутуунун жаңы моделин биргелешип пилоттук тестирлөөдөн өткөрдүк. Биз Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 400 муниципалдык кызматчы арасында окууга болгон муктаждыкты баалоо жана анализдөө боюнча изилдөө жүргүздүк. Ошол изилдөөнүн негизинде муниципалдык кызматтын актуалдуу маселелери боюнча темалар аныкталып, 9 окуу модулу иштелип чыкты.
 
Бул модулдардын авторлору конкурстун жыйынтыгында тандалып алынган эки билим берүүчү уюмдун мугалимдери үчүн тренинг өткөрүштү (“тренерден тренерге”). 2014-жылдын жай мезгилинде 70 адамдан турган 4 окуу тобу үчүн пилоттук окуу өткөрүлдү. Биздин Долбоор Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуусистемасын өнүктүрүү боюнча жаңы Программаны иштеп чыгууга жигердүү катышуусун улантууда. Мамлекеттик кадр кызматы жасаган көлөмдүү ишти, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жалпысынан өнүктүрүүдө түрдүү тараптардын аракеттерин бириктирүүдө анын жетекчилигинин маанилүү жана аныктоочу ролун өзгөчө белгилеги келет. МКК эффективдүү секторлор аралык өз ара аракеттешүүнүн үлгүсүн көрсөтө алды. Мында ведомстволук кызыкчылыктар жолунан чыгып, өлкөнүн жана анын жарандарынын кызыкчылыктары үчүн реформа жүргүзүп, көз карандысыз экспертизанын жана жарандык коомдун пикирин эсепке алды. Менимче, реформа жасагандан тышкары МКК мамлекет менен коомдун өнөктөштүгүнүн жаңы форматын түздү”.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулардын талкуусуна төмөнкүлөрдүн долбоорлору коюлду:

  • “Мамлекеттик органдардын статс-катчылары жөнүндө”, “Администрациялык кызматтар топторуна типтүү квалификациялык талаптар жөнүндө” Жоболор, Бош администрациялык кызмат ордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүү тууралуу Жобого киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор,
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо жана анын кызматчылардын мотивациясына тийгизген таасири (баалоо, карьералык пландоо, эмгек акы),
  • Кадрлардын Улуттук жана ички резервдерин түзүү жана иштетүү тартиби жөнүндө Жобо,
  • Мамлекеттик жаранды кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ротация тартиби жөнүндө Жобо.
Версия для печати: print

Иш-чаралар