Чүй облусундагы 12 муниципалитеттин ЖӨБ органдары 840 816 сомго жабдуу алышты

Чүй облусундагы 12 муниципалитеттин ЖӨБ органдары 840 816 сомго жабдуу алышты

ПРЕСС-РЕЛИЗ
15 август, 2015-ж.
Бишкек ш.

Чүй облусунун 8 районунун 12 муниципалитети Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында көрсөтүлгөн техникалык жардам ирээтинде көрсөтүлдү.

“Берилген жабдуулардын жалпы суммасы 840 816 сомду түзөт жана өзүнө 60 бирдикти камтыйт: ноутбуктар, проекторлор, проекциялоо үчүн экрандар, үн күчөткүчтөр жана радиомикрофондор. Башкача айтканда, ар бир муниципалитетке 70 миң сомго барабар болгон техникалык жардам көрсөтүлдү, - деп билдирди ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун муниципалитеттер менен иштердин координатору Алтынай БУЗУРМАНКУЛОВА. – Жабдуулар бюджеттик процесске калкты жана жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга тартуу процессинде ЖӨБ органдарына көмөктөшүү максатында берилди. Бюджет долбоору жана аны аткаруу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана чыгаруу боюнча коомдук угуулар өңдүү коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү да мунун ичинде бар.Мындан тышкары ЖӨБ органдары жергиликтүү кеңештер жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте конкурстарды, фестивалдарды жана башка коомдук иш-чараларды өткөрүп келет. Булардын баары калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда диалог куруу, жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууда калктын керектөөлөрүн эсепке алуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөт. Ушуну менен бирге Долбоор уюштурган конкурстарга катышып, жеңип алып ушундай жабдуу алуу мүмкүнчүлүгү бардык муниципалитеттерде бар”.

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар