ЖӨБ органдары чечим кабыл алып жатканда жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуу боюнча Чүй облусунун муниципалитеттери үчүн тренингдер өттү

ЖӨБ органдары чечим кабыл алып жатканда жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуу боюнча Чүй облусунун муниципалитеттери үчүн тренингдер өттү

ПРЕСС-РЕЛИЗ
1-декабрь, 2016-ж.
Бишкек ш.

2016-жылдын 22-ноябрынан 30-ноябрына чейин өткөн тренингдер жергиликтүү бюджеттин каражаттарын бөлүштүрүүнү кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууда ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуусу үчүн шарттарды түзүү боюнча аларга көндүмдөрдү үйрөтүп, билим берүү максатын көздөдү.

“Жалпысынан жүзгө жакын киши катышып, алардын арасында айыл өкмөтүнүн (АӨ) аппаратынын өкүлдөрү, айылдык кеңештин (АК) депутаттары, Демилгелүү топтордун (ДТ) жана Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) топторунун мүчөлөрү болушту, - деп билдирди тренер, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жарандардын катышуусу боюнча адиси Айнура БАЛАКУНОВА. – Теория жана практикадан турган тренингдердин жүрүшүндө фокус-топторду өткөрүү, ЖМБА жыйынтыктарына жана биргелешкен аракеттер планынын ишке ашырылышына, ЖМБА фокус-топторун пландоого анализ жасалды”.

Тренингдердин натыйжасында катышуучулар 12 максаттуу муниципалитеттер боюнча ЖМБА фокус-топторунун графиктеринин жана текшерүүчү барактарынын долбоорлору даярдалды. Бул максаттуу муниципалитеттерде ЖМБА фокус-топторун уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар пландалган.

Жайыл районунун Ак-Башат айылдык аймагынын БМжБ тобунун мүчөсү Талант БЕКТУРГАНОВдун айтымында, тренинг аларга өз укуктарын жана милдеттерин билүүгө жардам берди: “Тренингдерге катышуу менен, биз АӨнүн ролун, депутаттардын ыйгарым укуктарын жана жамааттардын укуктарын мурдагыдан да жакшы түшүнүп калдык”.

Чүй районунун Бурана айылдык аймагынын БМжБ тобунун төрайымы Гульмира АБДРАЗАКОВА буга чейин АӨ ишине кызыкчу эмес экен: “Окуунун жүрүшүндө жарандык билим алып, АӨ өткөргө иш-чараларга көп катыша баштадым жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши тууралуу көбүрөөк билип калдым. Бул болсо мени жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди көрсөтүүгө түрткү берди” – деди ал.

Версия для печати: print

Иш-чаралар