Чүй, Нарын жана Ош облустарынын мэрия аппаратынын жетекчилери жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчылары өз билимдерин жогорулатат

Чүй, Нарын жана Ош облустарынын мэрия аппаратынын жетекчилери жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчылары өз билимдерин жогорулатат

ПРЕСС-РЕЛИЗ
2017-жылдын 12-апрели
Кыргызстан, Бишкек

2017-жылдын 12-апрелинен 26-апрелине чейин Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Ош, Нарын шаарларында жана Кочкор айылында “Муниципалдык кызматчылардын ишине баа берүүнүн тартиби, конкурс өткөрүү жана муниципалдык кызматтан көтөрүлүү тартиби” темасына семинарлар өтөт.

Семинарларга Чүй, Нарын жана Ош облустарынын мэрия аппаратынын жетекчилери менен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчыларынын ичинен 250дөн ашуун муниципалдык кызматчы катышат.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары – МКК) менен биргеликте ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор).

Семинардын программасынын алкагында презентациялар, практикалык тапшырмалар жана “суроо-жооп” сессиялар пландалган. Аларды МККнын Борбордук аппаратынын жана Долбоордун адистери өткөрөт.

Уюштуруучулардын айтымында, семинарларды өткөрүү зарылчылыгы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын ишке ашырууда ченемдик укуктук актыны кабыл алуу менен шартталган.

“Кызматчылардын ишин баалоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызматкерлеринин ишин баалоонун бирдиктүү системасынын компоненти болуп эсептелет, - деп айтты Долбоордун муниципалдык кызмат боюнча адиси Нурдин Күмүшбеков.Семинар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин сапатын, натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат. Бул болсо кызматчыларды кесиптик ишинде жогорку жыйынтыктарга жетүүгө шыктандыруу жолу менен ишке ашат. Баалоо кызматчылардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттарына жана тапшырмаларына ылайык аткаруунун натыйжалуулугунун даражасын аныктайт”.

Муниципалдык кызматка өтүү конкурстун негизинде жүзөгө ашат. Бул болсо жарандардын муниципалдык кызматка тең жеткиликтүүлүгүнө болгон конституциялык укугун камсыздайт. Административдик кызматтарды жана муниципалдык кызматты ээлөө үчүн коюлган квалификациялык талаптарга ылайык баарынан жакшы даярдалган талапкерлерди аныктоо конкурсту өткөрүүнүн максаты болуп эсептелет.

Семинарларды өткөрүүнүн графиги:

  • 12-апрель – Бишкек шаары
  • 13-апрель – Токмок шаары
  • 14-апрель – Кара-Балта шаары
  • 18-20-апрель – Ош шаары
  • 25 апрель – Кочкор айылы
  • 26 апрель – Нарын шаары

Толук маалымат алуу үчүн: Күмүшбеков Нурдин, Долбоордун муниципалдык кызмат боюнча адиси, тел.: 0 312 97 65 30, NKumushbekov@dpi.kg, www.vap.kg.

Версия для печати: print

Иш-чаралар