Чүй облусунун Кызыл-Туу айылдык аймагынын ЖӨБ органдары Швейцариянын колдоосу менен чакан футбол талаасын курушту

Чүй облусунун Кызыл-Туу айылдык аймагынын ЖӨБ органдары Швейцариянын колдоосу менен чакан футбол талаасын курушту

ПРЕСС-РЕЛИЗ
2017-жылдын 24-майы.
Кыргызстан, Бишкек

2017-жылдын 24-майында Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында чакан футбол талаасынын расмий ачылышы болот. Объекттин курулушу боюнча маселени жергиликтүү калк артыкчылыктуу долбоор катары аныктаган; бул долбоор спорт менен алектенүү жана жаштарда сергек жашоо образын калыптандыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Чакан футбол талаасы “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (Долбоор) колдоосу алдында Кызыл-Туу айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан курулган. Долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы (SDC) каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат. Долбоордун жалпы баасы 1 416 500 сомду түздү. Анын ичинен 1 млн. сомду Чакан гранттар программасы, 371 500 сомду жергиликтүү бюджет бөлсө, 45 000 сом – жергиликтүү жамааттын салымы болду.

“Биздин аймакта 10 000ге жакын киши жашайт жана футбол талаасынын курулушу биз үчүн өтө маанилүү маселе болчу. Бирок өз каражатыбыздын жоктугунан улам пландаганыбыз ишке ашпай келген. Чакан футбол талаасынын курулушу жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүү маселесин чечип, алардын дене тарбиясына көмөктөшөт. Мындан тышкары талаанын жанында орто мектеп жайгашкан, окуучулар да футбол талаасында ойной алышат. Кийин талааны жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен каржылайбыз”, - деп айтты Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Нурмамбетов Замирбек.

Советтер Союзу ыдырагандан кийин Кызыл-Туу айылындагы бардык социалдык-маданий объекттер кароосуз калган. Көпчүлүк объекттер талкаланып, же жеке колго өтүп, менчиктештирилип кеткен. Башка жарандардай эле аймактын тургундары да көр тириликтин айынан жумуш издөө менен алек болушкан; мындай маалда спорт жана дене тарбияга көп көңүл бурулбай калган. Бирок жашоо оңолгон сайын аймактын тургундары маданий эс алууну жана спортту уюштуруу ишин колго алуу керек деп чечишти.

Спорт менен алектенүү үчүн шарттардын жоктугу өңдүү көйгөй курч турганы жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоонун жүрүшүндө белгилүү болуп, бул маселе айылдык аймактын Биргелешкен аракеттер планына кошулган. Чакан гранттар программасы конкурсуна катышуу үчүн артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча өткөрүлгөн айылдык чогулуш маалында футбол талаасынын курулушу боюнча демилге катышуучулардын эң көп добушуна ээ болду. Конкурстун жыйынтыгы боюнча дагы демилгени Долбоордун Конкурстук комиссиясынын мүчөлөрү колдоп беришти.

Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде жумуштарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык өткөрүлдү. Айыл өкмөтүнүн кызматкери Долбоордун колдоосу менен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча тренингден өттү. Кызыл-Туу АӨ өткөргөн конкурстун жыйынтыгы боюнча “Ильяс-Курулуш” ЖЧК жеңүүчү деп табылып, бардык жумуштарды аткарды.

Толугураак маалымат алуу үчүн: Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар