“Жергиликтүү демилге – 2017” конкурсунун жыйынтыктары чыкты

“Жергиликтүү демилге – 2017” конкурсунун жыйынтыктары чыкты

Толук маалымат үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg

2017-жылдын 20-октябрында Бишкекте “Жергиликтүү демилге – 2017” конкурсунун жыйынтыктары жарыяланды. Бул конкурс 2017-жылдын июнь айында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында жарыяланган. Аталган Долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарып келет. Жалпысынан конкурска үч облустан 64 өтүнмө түшкөн: Чүй – 36, Ош – 13 жана Нарын – 15.

Конкурс жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү мисалдарды аныктоо максатында уюштурулган. Муну менен конкурс ийгиликтүү демилгелердин авторлоруна дем берип, тажрыйбаны андан ары кеңири жайылтуу максатын көздөдү. Ошондой эле конкурс Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттардын өнөктөштүгү менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын жана иштин алдыңкы усулдарын колдонууга да көмөктөшүшү керек болчу. Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар конкурска катышуу укугун алышкан. Булар жергиликтүү жамаат үчүн пайдалуу болуп, башка айылдык аймактарда колдонулушу мүмкүн иш-чараларды өткөрүшкөн. Купуялуулукту сактап, Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү объективдүү баа бериши үчүн бардык конкурстук өтүнмөлөрдө муниципалитеттердин аталышынын ордуна коддор коюлуп, ошондон кийин гана мүчөлөрдүн кароосуна жиберилген.

Бул жылы Чүй, Ош жана Нарын облустарындагы муниципалитеттер арасында жарыяланган “Жергиликтүү демилге – 2017” конкурсунун байге фонду 765 000 сомду түздү.

Конкурстук комиссиянын курамы: КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Исалиева В.А., “Ачык-айкын бюджет үчүн” Альянсынын директору Гайбулина Р.М., Өнүгүү демилгелер агенттигинин өкүлү Сабыр кызы Гүлзада, Долбоордун өкүлү Мусаева А. жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү Исмаилов А.К. ар бир өтүнмөнү жекече карап чыгып, баа берип, байгелүү орундарды төмөнкүчө бөлүштүрүштү:

  • 1-орун – “Балдар – биздин келечегибиз”, өтүнмөнүн ээси Бостонбаева Телегей – “Султанмурат” бала бакчасынын башчысы, Кызыл-Суу айылдык аймагы, Ош облусунун Кара-Суу району, 150 000 сом суммасында байгеге ээ болду.
  • 2-орун – “Ички сугат суу үчүн дамбанын курулушу”, өтүнмөнүн ээси Карабалаев Мирбек – айылдык кеңештин депутаты, Учкун айылдык аймагы, Нарын облусунун Нарын району, 100 000 сом суммасында байгеге ээ болду.
  • 3-орун – “Жаштардын бримдиги – Александровка айылынын өнүгүүсү жана келечеги”, өтүнмөнүн ээси – Шарипов Абдулла Рахимович, Александровка айылдык аймагы, Чүй облусунун Москва району, 70 000 сом суммасында байгеге ээ болду.

Ошондой эле Конкурстук комиссия төмөнкү 15 өтүнмөгө 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге берүү тууралуу чечим кабыл алды:

  • “Спорт – ден соолуктун булагы”, Кызыл-Туу АА, Чүй облусунун Сокулук району,
  • “Билим берүү чөйрөсүндөгү шарттарды жакшыртуу”, Ак-Чий АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району,
  • “Жийде-Булак” бала бакчасы”, Көк-Жар АА, Ош облусунун Ноокат району,
  • “Дени сак жаштар – дени сак улут!”, Ак-Башат АА, Чүй облусунун Жайыл району,
  • “Үй-бүлө – коом менен бириктирген көпүрө”, Шарк АА, Ош облусунун Кара-Суу району,
  • “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө калкка жардам берүү”, Кара-Суу АА, Нарын облусунун Кочкор району,
  • “Большевик айылында бала бакча ачуу демилгеси”, Ак-Жар АА, Ош облусунун Өзгөн району,
  • “Балдарды коргоо күнүнө карата жармаңке өткөрүү”, Ивановка АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району,
  • “Балдар биздин келечегибиз”, Узун-Кыр АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району,
  • “Бардыгы балдар үчүн”, Кочкорбаев АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району,
  • “Маданият өнүккөн жерде өсүш болот”, Ак-Муз АА, Нарын облусунун Ат-Башы району,
  • “Семиз-Бел АА жаштарынын демилгеси”, Семиз-Бел АА, Нарын облусунун Кочкор району,
  • “Айылдагы аялдамалар – калктын коопсуздугу”, Күнтуу АА, Чүй облусунун Сокулук району,
  • “Асбест трубаларынан көпүрөлөр”, Фрунзе АА, Чүй облусунун Панфилов району,
  • «"Телегей плюс" бала бакчасы», Юрьевка АА, Чүй облусунун Ысык-Ата району.

Буга кошумча комиссия дагы 7 өтүнмөнү белгилеп, 10 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарды:

  • «"Абад дала" жамаатынын иш тажрыйбасы», Гүлистан АА, Ош облусунун Ноокат району,
  • “Балдардын коопсуздугун камсыздоо – бул биздин милдет”, Бурана АА, Чүй облусунун Чүй району,
  • «Ак-Тал айылындагы "Ак-Тал" бала бакчасынын ашканасынын ремонту», Ак-Тал АА, Нарын облусунун Ак-Тал району,
  • “Биз баарыбыз – келечекпиз”, Мирмахмудов АА, Ош облусунун Ноокат району,
  • “Жашыл айыл – бул дени сак муун”, Гроздь АА, Чүй облусунун Аламүдүн району,
  • “Маданиятты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү”, Кочкор АА, Нарын облусунун Кочкор району,
  • “Элеттин өнүгүүсү үчүн айылдык кеңештин таасирин арттыруу”, Байзак АА, Нарын облусунун Жумгал району.

Конкурстун шарттары боюнча бардык байге каражаттары жергиликтүү жамааттын ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, ошондой эле коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн арналган жабдууларды сатып алууга багытталат. Шыктандыруучу байгелердин ээлери да жеринде коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн зарыл болгон түрдүү жабдууларды сатып алышты.

Бул демилгелер тууралуу толук маалыматты “Муниципалитет” журналынын ноябрь айындагы санынан окуй аласыз.

Версия для печати: print

Иш-чаралар