Ош жана Нарын Облустарынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмдөрүнүн адистери жаңы автоматташтырылган система менен иштөө боюнча көндүмдөрүн жакшыртат

Ош жана Нарын Облустарынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмдөрүнүн адистери жаңы автоматташтырылган система менен иштөө боюнча көндүмдөрүн жакшыртат

Иш-чара тууралуу толук маалымат алуу үчүн: Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0770) 771-711, эл.дареги: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg

2017-жылдын ноябрь жана декабрь айларында Ош жана Нарын облустарынын аймагында үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду даярдоо, тандап алуу, каржылоо жана ишке ашыруу боюнча тренингдер өтөт. Тренингдер дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын, анын ичинде өтүнмөлөрдү жана отчетторду берүүнүн автоматташтырылган жол-жобосунун эсебинен Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айылдык аймактарынын инфраструктурасын жакшыртууга өтүнмөлөрдү даярдоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) өкүлдөрүнө билимдерди жана көндүмдөрдү берүү максатында уюштурулуп жатат.

Окууларды Финансы министрлиги, КР Финансы министрлигинин Окуу борбору жана Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору уюштуруп жатат. Тренингге Ош жана Нарын облустарынын элеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын жана райондук финансы бөлүмдөрүнүн 175 өкүлү катышат.

КР Финансы министрлигинин дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн башкы адиси Болот Касымовдун айтымында, окуунун жүрүшүндө катышуучуларга дем берүүчү (үлүштүк) гранттарга өтүнмө берүүнүн жаңы автоматташтырылган тартиби, долбоорлорду тандап алуунун жана бекитүүнүн жол-жоболору, долбоорлорду тандап алуу жана бекитүү боюнча комиссиялардын иши, долбоорлорду даярдоонун жана ишке ашыруунун жол-жоболору тууралуу маалымат берилет.

“2016-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар” беренеси боюнча долбоорлорду кабыл алуунун, каттоонун, тандап алуунун автоматташтырылган системасын иштеп чыгып, сыноодон өткөргөн. Мындан тышкары Өкмөттүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген. Тренингдердин жыйынтыгы боюнча айыл өкмөттөрдүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн адистери жарандардын керектөөлөрүнө мурдагыдан да жакшы жооп берүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртышат”, - деп айтты Болот Касымов. 

Версия для печати: print

Иш-чаралар