• Биринчи бет -
  • Басылмалар -
  • Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине пландуу мониторинг...

Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине пландуу мониторинг жана үзгүлтүксүз баалоо жүргүзүүсү

Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине пландуу мониторинг жана үзгүлтүксүз баалоо жүргүзүүсү

Бул окуу китеби жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугун ишке ашырууга умтулган ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнө арналган «Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу» окуу материалдар топтомунун төртүнчү бөлүгү болуп эсептелет.

УДК 351/354
ББК 67.99(2)1
Ш 59
Ч. Биялиева ж.б.
Ш59 Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине пландуу мониторинг жана үзгүлтүксүз баалоо жүргүзүүсү / Практикалык окуу китеби / «Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу» окуу материалдарынын топтому. Төртүнчү бөлүк. / Ч. Биялиева, М. Султамбаев, С. Майрамбеков, Н. Добрецова. – Б.: Өнүктүрүү саясат институту,
2015. – 40 б.

Бул окуу китеби жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугун ишке ашырууга умтулган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү жамааттардын жигердүү өкүлдөрүнө арналган «Жарандардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна катышуусу» окуу материалдар топтомунун төртүнчү бөлүгү болуп эсептелет. 2015-жылы топтом Кыргыз Республикасынын элеттик муниципалитеттеринин тажрыйбасына негизделген беш практикалык жана методикалык окуу китептеринен турат жана алар төмөнкү маселелерге арналган: 1) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктарын эсепке алуу; 2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жана ЖӨБ органдарынын биргелешкен аракеттерин пландоо; 3) коомдук иш-чаралар (чогулуштар, жыйындар жана коомдук угуулар) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун формасы катары; 4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жергиликтүү жамааттын пландуу мониторинг жүргүзүп, үзгүлтүксүз баа берип туруусу; 5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттик процессине катышуусунун аспабы катары бюджет айкындуулугунун муниципалдык индекси. Топтом кийинки жылдары жаңы окуу практикалык материалдар менен толукталып калышы ыктымал.

Бул окуу китеби мониторинг жана баалоо процессин конкреттүү долбоордун турмуштук циклинин бир бөлүгү катары караган «долбоордук» мамиледен айырмаланып, биргелешкен мониторинг жана баалоону жарандар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үзгүлтүксүз, пландуу, туруктуу биргелешкен ишмердиги катары караштырат. Долбоордук циклдин алкагында мониторингдин жана баалоонун маанисин четке какпастан, окуу китебинин авторлору процессти жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте аткарган функциялардын деңгээлине көтөрүү менен, биргелешкен мониторинг жана баалоого туруктуу иш мүнөзүн берүүнү сунушташат. Окуу китеби Жалал-Абад менен Ысык-Көл облустарындагы муниципалитеттердин биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун практикалык тажрыйбасына таянат жана башка муниципалитеттерде ушундай топторду түзүү жана уюштуруу методикасын сунуштайт. Окуу китеби мониторинг жана баалоо процессинде жарандардын, ЖӨБдүн аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын ролун сүрөттөп келип, мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктарын ЖӨБ органдарынын жаңы чечимдеринде ишке ашыруу боюнча кеңештерди берет. Практикалык окуу китеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрүнө, жарандык коом уюмдарына, эл аралык донордук жардам көрсөтүү долбоорлоруна, изилдөөчүлөргө жана окутуучуларга даректелет. Окуу китеби элеттик муниципалитеттердин тажрыйбасына таянганына карабастан ал Кыргыз Республикасынын чакан шаарларында да ийгиликтүү колдонулса болот. 

Бул окуу китеби Өнүктүрүү саясат институтунун буюртмасы боюнча аткарылган гендердик экспертизадан өткөрүлдү жана аны гендердик эксперт Жаңыл АБДЫЛДАБЕК кызы жүргүздү. 

Окуу китебин кыргыз тилине которгон Зейнеп АЛТЫМЫШОВА.

Бул басылма Швейцария өкмөтү менен Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги кызматташтыкта каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун финансылык колдоосу алдында чыкты.

Басылмадагы ой-пикирлер, тыянактар, корутундулар жана сунуштамалар авторлордун позициясына жана тажрыйбасына таянат, бирок сөзсүз эле Швейцария өкмөтүнүн, Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин көз карашын чагылдыра бербейт.

Ш 59

© Ч. Биялиева, М. Султамбаев, С. Майрамбеков, Н. Добрецова

© Өнүктүрүү саясат институту, 2015

Бардык укуктар корголгон. Бул окуу китебин, же анын кайсы бир бөлүгүн ар кандай формада жана түрдүү электрондук же механикалык каражаттар менен, анын ичинде фотокөчүрүү, үн жаздыруу, сактап калчу түзүлүштөр жана маалымат издөө системасы аркылуу жайылткан учурда анын укук ээсине электрондук дарек боюнча кайрылууңузду өтүнөбүз: NDobretsova@dpi.kg, Office@dpi.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар