Муниципалдык сайтты башкаруунун (администрлөөнүн) колдонмосу

Муниципалдык сайтты башкаруунун (администрлөөнүн) колдонмосу

Кыргызстанда интернет ресурс бийлик органдары менен жарандардын эффективдүү өз ара аракетинин формасына айлана баштады. Барган сайын көбүрөөк бийлик органдары жана башкармалыктар кызмат көрсөтүү, өз карамагында болгон маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн маалымат технологияларын колдонууда. ЖӨБ органдары сайт ачкан учурлар бар.

Интернет сайттар – башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу расмий маалыматты жайылтуунун өзгөчө эффективдүү ыкмасы. Алардын мазмунуна карап ачыктыгы жана айкындуулугу, бул чөйрөдөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо сапаты жөнүндө сөз кылса болот.1 Кабыл алынган башкаруучулук чечимдердин ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатуу үчүн, ЖӨБОнун планы, иши жана ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, алардын коомдук ресурстарды кантип колдонуп жатканы тууралуу жергиликтүү жамааттын маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатуу, жарандарды талкуулоо жана чечим кабыл алуу процессине тартуу үчүн интернет сайттар ЖӨБОго да керек.

ЖӨБ органдарынын ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатууга көмөктөшүү, жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга катышуусу үчүн шарттарды түзүү, жергиликтүү бюджеттеги каражаттарды башкарууда айкындуулукту жогорулатуу үчүн “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору бир катар ЖӨБ органдарына муниципалдык сайттарды ачууга көмөк көрсөттү. Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту аткарат. Долбоордун буйрутмасы менен Weltkind веб-студиясы тарабынан муниципалдык сайттын ШАБЛОНУ иштелип чыкты. Ал ЖӨБ органдарынын керектөөлөрүн, өз ишиндеги айкындуулукту сактоодо жана жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо ЖӨБ органдарына мыйзамдар койгон талаптарды эсепке алуу менен даярдалды.

ШАБЛОНдун негизинде түзүлгөн муниципалдык веб-сайттардын туруктуу иштөөсүн камсыздаган функцияларды жана веб-сайттардын системасын өздөштүрүүдө администраторлорго жана модераторлорго жардам берүү максатында, Долбоордун алкагында Сайтты башкаруунун (администрлөө) колдонмосу (мындан ары – Колдонмо) иштелип чыкты. Колдонмодо веб-сайтты башкаруу үчүн административдик панелдин бардык мүмкүнчүлүктөрү каралат. Тагыраак айтканда, жаңылыктарды, жарыяларды, макалаларды, сүрөттөрдү, документтерди жана башка зарыл болгон маалыматтарды жайгаштыруу, жол-жоболоштуруу жана өчүрүү.

Административдик панелди өздөштүрүү ыңгайлуу болушу үчүн Колдонмо түшүндүрмө берген жазуулары жана аларда жайгашкан башкаруу элементтери бар сүрөттөрдү (скриншотторду) камтыйт. Веб-сайт турган Модулга (бөлүмдөргө) ылайык, бардык сүрөттөр кадам-кадамы менен берилди.

 

----------------------

1 ИКИАТ Социалдык-саясий изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы С.Н.Немгированын баяндамасындагы материалдар боюнча, Орусия Федерациясы

Версия для печати: print

Иш-чаралар