Багыш айыл аймагынын бюджети бекемделиши зарыл

Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагынын 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча биринчи жолу бюджеттик угуу болду.

ЖАЛАЛ-АБАД news. Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагынын 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча биринчи жолу бюджеттик угуу болуп, жалпы бюджеттин 11 пайызын гана өз күчтөрү менен топтоп, бул айыл аймагы негизинен дотацияда отурганы маалым болду.

Иш-чараны консультант Анаркүл Машаева ачып, мындай иш тарыхта биринчи жолу өткөрүлүп жатканын, ошондуктан бул аймактын бюджети кандай топтолуп, чыгымдалганы боюнча сөз жүрөрүн белгиледи жана катышуучуларды бул талкууга кызыгуу менен катышууга чакырып өттү.

Аталган айыл аймагынын финансы-экономикалык бөлүм башчысынын орун басары Эльмира Жумабаева 52 миллион 802 миң 400 сом суммасындагы кирешенин 921 миң 700 сому мамлекеттик салыктар, 2 миллион 633 миң 400 сому жергиликтүү салыктар, 3 миллион 454 миң 200 сом салык эмес каражаттар, 38 миллион 853 миң 300 сом категориалдык грант, 4 миллион 571 миң сому теңдештирүү гранты, ал эми 2 миллион 368 миң 400 сому башкар трансферттер деп тааныштырды. Анан 51 миллион 870 миң 900 сомдук суммадагы чыгаша бөлүгүнүн негизин билим берүү түзөт, ага 44 миллион 585 миң 900 сом кетет же чыгашанын 86 пайызына барабар. Жергиликтүү башкаруу органдарын тейлөөлөгө 6 миллион 86 миң 500 сом кетет же чыгашанын 11,7 пайызын, социалдык камсыздоого 66 миң сом кетет же чыгашанын 0,1 пайызын, маданият жана спортко 527 миң 900 сом жумшалат же чыгашанын 1,2 пайызын түзөт.

Угуучулар мамлекеттик чыгымдарды кандай түшүнүүгө боло тургандыгын суроо менен талкуу андан ары жандуу уланды. Буга жергилктүү өз алдынча башкаруу кызматы үчүн жумшалган чыгым, «мамлекеттик» деп ката жазылып калыптыр деген жооп болду. Айыл кеңешинин депутаты Бекболот Ибраимов мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү бийликти айырмалап түшүндүрүү зарылдыгын баса белгилеп кетти. Андан ары угуучулар кирешенин чыгашадан артып калганына кызыгышты эле казына башчылары эсепчилердин даяр жообун – чыгаша боюнча отчет жылдын 20-декабрында жабылары, кирешелер 31-декабрга чейин келип түшө берери менен, ошондой эле киреше салыгынан мурда жергиликтүү бюджетке 10 пайыз гана түшсө, 2012-жылдын июнь айынан тартып 50 пайызы калып жатканын жооп катары узатышты. Ага да Б. Ибраимов «Эмне, Багыш айыл аймагы үчүн отчеттук жыл башкабы? Мындай болушу мүмкүн эмес!» деп , өзүнүн пикирин өктөм билдирди.

Көпчүлүк угуучулар социалдык тармакка, маданиятка, спортко аз көңүл бурулганын белгилешти. Жайытты пайдалануудан түшкөн акча кайда кетип жатканына кызыгышканда айыл аймагынын башчысы Рахман Шергазиев эл алдына өзү чыгып, жалпы бюджеттин 11 пайызы гана жергиликтүү болуп, дагы деле болсо гранттардан көз карандылык өкүм сүрөрүн, дотацияда отурушканын, жайыт боюнча жыйналган акчалар жолдорду оңдоп-түзөөгө кеткенин айтты.

Негизинен угуучулар салыктардын планы, аткарылышы, жыйынтыгы тууралуу маалымат ачык көрсөтүлсө болмок деп, берилген маалыматтарда бир аз түшүнбөстүктөр барлыгын же ийн-жибине чейин жазылбаганын билдиришти. Сугат, ичүүчү суу боюнча маселе көтөрүлгөндө консултант Анаркүл Машаева булар боюнча өзүнчө коомдук угуу болорун айтты. Суроолор токтогондон кийин коомдук угууга катышкандар бала-бакча имаратын куруу, «Ормон» каналын тез арада тазалоо, спортту, маданиятты көтөрүү, мал базар ордун бөлүп, аны уюштуруу менен андан жана күркөлөрдөн, элди ташыган таксилерден патент негизинде кирешелерди таап, каражатты көбөйтүү аркылуу бюджетти бекемдөөнү сунуш этишти.

Бардык маселени азыр эле толук чечүүгө мүмкүн эмес, бирок биз өзүбүздүн акчалардын кайсыл жакка, кайсыл максатта жумшалганы тууралуу ушинтип ачык айтып, ак сүйлөшкөнүбүз жакшы жышаананын башталышы болоруна үмүт арталы деп, келгендер бул иш-чарага катышкандарына ыраазы болуп кайтышты.

Кошумчалай кетсек, Багыш айылдык аймагы +нүктүрүү саясат институнун “Элдин үнү жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында пилоттук аймак катары иш алып барууда. Жогоруда айтылган иш чара да ушул долбоордун чегинде өткөрүлүп, ага бул институттун башчысы Надежда Добрецова өзү катышып, тиешелүү баасын берип кайтты.

КИРЕШЕНИ КӨБӨЙТҮҮГӨ КИРИШЕБИЗ, ДЕЙТ АЙМАК БАШЧЫСЫ

-Багыш айылдык аймагында 19850 адам жашайт жана аймак 7 айылдан турат. Союз маалында 28 улуттун өкүлү жашаган бул аймакта миграциянын таасири күч, - дейт аталган аймактын башчысы Рахман Шергазиев.
Аймак башчысынын айтымында, жергилктүү бюджеттин киреше булагын негизинен жер салыктары түзөт. Ошондой эле берекелүү салык төлөгөн ишканалар жок. Айыл аймагында иштеп жаткан кыш чыгаруу ишканасы бир гана роялти салыгын 20 миң сом өлчөмүндө төлөйт.

-Бирок, биз Кыргыз Республикасынын Жер кодексине таянып, бул ишканадан жаңы салыкты - жер кыртышына, экологияга зыян келтиргени үчүн да салык алууну караштырып жатабыз. Бул боюнча долбоор даярдап, жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна койгону жатабыз. Депутаттар колдосо, бул дагы чечилип калаар. Бир жагынан, мындай иштерде ишкерлерди колдоо деген маселе дагы тоскоол болуп калат экен, - деди аймак башчысы .

Р. Шергазиевдин билдиришинче, былтыр Түркиядан ишкерлер Сузак районуна келишип, андан кийин ушул аймактагы түрк боордошторуна кайрылышып, аларга жардам иретинде жашылча-жемиш, сүт азыктарын кайра иштетүү ишканаларын куруп берүүгө макул болуп кетишкен. Ишти жүзө ашыруу аракети башталып, алар келе жатканда К. Ташиевдин камактан бошотуусун талап кылган саясый акциялардан улам, абал турукташуусун күтүп, келбей калышкан.

-Мындан тышкары, Кытайдан ишкерлер келип, ошол кыш чыгарылып жаткан жерден топуракты пробага алып кетишип, фарфор идиштерин чыгаруу ниетин билдиришкен. Эми нак кытайдын фарфорунда болбосо да, сапаттуу эле буюмдарды чыгарууга боло турганын айтып жатышат. Эгер бул айтылгандар ишке ашса, бир канчалаган атуулдар менен камсыз болуп, бюджетибиз бекемделип калат эле, - дейт Р. Шергазиев биз менен болгон маегинде.

Зирек АСАНОВА,
Жалал-Абад шаары

 

Версия для печати: print

Иш-чаралар