Эки маселенин тегерегинде талкуу

25-январ күнү Бишкек шаарындагы Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесинде өткөрүлгөн пресс-сессияга республикалык жана аймактык жергиликтүү Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери жана өкмөттүк, өкмөттүк эмес уюмдардын адистери катышкан талкуу өттү.

"Талас турмушу" 1-9 февраль 2013-жыл

25-январ күнү Бишкек шаарындагы Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесинде өткөрүлгөн пресс-сессияга республикалык жана аймактык жергиликтүү Жалпыга ма-алымдоо каражаттарынын кызматкерлери жана өкмөттүк, өкмөттүк эмес уюмдардын адистери катышкан талкуу өттү. Анда не¬гизинен эки маселе каралды. Биринчиси, «Бирдиктүү салык билдирүүсү (декларация): «Мен уурдабайм, андыктан билдирүү толту-рам» деген ураандын алдында алты маселенин тегерегинде талкуу уюштурулду. 

Салык консультанттарынын палатасы¬нын башкаруу төрайымы, Кыргыз Респу-бликасынын Салык кызматынын коомдук байкоочу кеңешинин башчысы Татьяна Ким Билдирүү толтуруунун максаты: активдердин кыймылындагы ачык айкындуулукту арттырууну көздөрүн белгиледи. Бардык ци¬вилизациялуу өлкөлөрдө буга айрыкча маани берилген. Ушул ишти жандандыруу милдети аркылуу көч бара-бара оңдолоруна токтолду. Билдирүүнү Кыргызстандын 3 миллиондун ар жак-бер жагындагы жарандарыбыз толтурууга тийиш. 

Мындан он төрт жыл мурда мамлекеттик кызматкерлер мындай билдирүүнү толтуруп келе жатат. Эми жалпыга бирдей Бирдиктүү салык билдирүүсүн республиканын жалпы жарандары толтурууга милдеттендирүү иши создугуп келе жатат. Анткени «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын негизинде 2012-жылдын жыйынтыгы менен 2013-жылдын 1-апрелине карата бардык жарандар билдирүүнү толтуруу иши жүзөгө ашышы керек эле. Эми дагы создуктуруу иши боюнча күчтөр баш көтөрүп жатат. Себеби, эмнеде? Көрсө атка минерлерибиздин айтууларына караганда, буга эл али даяр эмес экен!.. Айрыкча Кыргыз Респу¬бликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан каршылыкка кабылып жатат. 

Мунун жөнү да түшүнүктүү. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарык көргөн пикирлерге караганда, эгер бул билдирүүнү жалпы жарандар толтуруу канчалык тездеген болсо, анда образдуу айтканда, Кыргызстандын бийик тоолуу, эң алыскы району болуп калган Алай районунда реалдуу турмушта социалдык жактан камкордукка муктаждыгы бар, багар-көрөрү жок бир кемпирдин же чалдын менчигинде завод болуп калышы мүмкүн! – дегендер да чыгууда. Анысын ал киши өзү да билбейт. Ушул нерсе «жок» дегенде бир -эки жылга ачыкка чыкпай турганына кызыктар күчтөргө аба менен суудай керек болуп турат баштанат. 

Ушул тапта жер-жерлердеги салык кызматы да карап жаткан жери жок. Чарбалык жана өндүрүштүк субъектилерди каттоо иши колго алынып, азыр маалымат базасын түзүү кыйгачынан кызуу жүргүзүлүп жаткан кези. 

Экинчи маселе боюнча, GSDF долбоорунун АРИС боюнча программасынын координатору Нурлан Раханов «2013-жылы жергиликтүү бюджеттердеги жаңылыктар» деген аталыштагы пресс-сессия өткөрдү. Шаардык жана айылдык аймактардын деңгээлинде бюджеттик процессти бюджеттер аралык мамилелер системасы эсептелет. Жергиликтүү бюджетти түзүү маселелерин мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы бир катар нормативдик-укуктук актылар жана респубиликалык бюджет тууралуу Мыйзамдар аркылуу жөнгө салынарына токтолду. 

2012-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешелери 9 412, 1 миллион сомду түзгөн. 2013-жылы 12 миллион 305 миң сомго чыгары болжолдонуп жатат. Мындай көбөйүү кирешелердин жергиликтүү жана мамлекеттик салыктардан, трансфереттерден, салыктык эмес төлөмдөрдүн эсебинен болмокчу. 

Кыргыз Өкмөтү жергиликтүү экономиканын абалын жакшыртуу максатында баскыч менен алардан түшүүчү үлүштү көбөйткөн киреше булактарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүдө. Мына ошондуктан жергиликтүү башка-руулардын жетекчилери экономиканы өнүктүрүүгө кызыктарлыгы артылышы керек. Биринчи кезекте, кирешеге карай салыктын жана сатуудан түшкөн салыктын эсебинен кирешелердин түшүүсү бюджетти көбөйтмөкчү. Өзгөчө өсүш айылдык аймактар, башкача айтканда, элеттик муниципалитеттер сезет деген ишенимди арттырат. Буга чейин Кыргызстандын айыл аймактарынын 80 пайыздан ашууну дотацияга отуруп келген. 

Кирешеге карай салык жана сатуу¬дан түшкөн салыктын түрлөрүн бөлүүнүн үлүшүн арттыруу айылдык аймактарды дотациядан чыгарат деп күтүлүүдө. 2008-жылдан 2012-жылга чейин мына ушундай колдоонун жогунан тескери тенденция байкалып, дотациядагы айылдык аймактын саны – 320дан 393кө чейин өскөн. 2013-жылы жалпы мам-лекеттик салыктарды бөлүүнүн нормативде¬рин жаңыртуунун натыйжасында 36 айыл¬дык аймак дотациядан чыгат деген божомол орун алууда. Албетте, мына ушуга карата бюджеттик каражаттарды оңдуу-солдуу эмес, үнөмдүү пайдалануу туурасында айтылды. 

Жалпыга малымдо каражаттарынын өкүлдөрү ушул эки темага байланыштуу өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, мамлекеттик, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн жоопторду алышты. Кыскасы, күндүн актуалдуу маселесине тиешелүү жалпыга маалымдоо каражаттары сабат¬туу жазып, калкка маани– маңызын туура түшүндүрүүгө багыт алышты. 

Акыркы жылдары экономика темасында Өнүктүрүү саясаты институту кыйла иш жасап, журналисттердин жазган матери¬алдарынын сапатын арттырууга айрыкча көңүл бөлүп келе жатат. Атайын адистерди чакырып, семинар-тренингдерди өткөрүп, өлкөнүн экономикасын ар тараптуу чагылды¬рууну колго алууда.

Жакыпбек ТӨЛӨГӨНОВ

Версия для печати: print

Иш-чаралар