Мен - жергиликтүү кеңештин депутатымын

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 150 суроосуна жөнөкөй жооптордун жыйнагы

Басылманы жүктөө

УДК 342
ББК 67.99 (2) 05
О - 69
О-69 Б. И. Орозбаев ж. б. Н.Н. Добрецованын редакциясы астында. Мен – жергиликтүү кеңештин депутатымын. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 150 суроосуна жөнөкөй жооптордун жыйнагы. /Орозбаев Б.И., Чекиров А.А., Эсенбеков С.А. Н.Н. Добрецованын редакциясы астында.
Б.: Өнүктүрүү саясат институту, 2013-ж.- 100 бет.
ISBN 978-9967-11-395-4
 Суроолордун жана жооптордун бул жыйнагы 2012-2013-жылдары шайланган жергиликтүү кеңештердин депутаттары тушуккан реалдуу суроолорго жана проблемаларга негизделген. Суроолор Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында фокус-топторду өткөрүү аркылуу топтолгон, ошондуктан алар депутаттардын укуктарын жана милдеттерин, муниципалдык каражаттарды жана ресурстарды башкарууну кошуп алганда, жергиликтүү жамааттардын турумушуна байланышкан темалардын кеңири чөйрөсүн камтыйт. Жооптор жөнөкөй тил менен жазылып, бирок 2013-жылдын июлундагы колдонулуп жаткан мыйзамдарга негизделди. Жооптор уникалдуу автордук жамаат тарабынан: мыйзамдар боюнча адис Б.И.Орозбаев, муниципалдык финансы жана бюджеттер аралык мамиле боюнча адис А.А. Чекиров, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мурдагы жетекчиси, айыл өкмөтүнүн башчысы катары 12-жылдык иш тажрыйбасы бар С.А. Эсенбеков тарабынан даярдалды. Мындай курам жооптордун сапатын, толуктугун жана практикалык жактан баалуулугун кепилдеп турат. 
Жыйнак, биринчи иретте, Кыргыз Республикасынын муниципалитеттеринин жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына, ошондой эле саясатчыларга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, коомдук ишмерлерге, студенттерге жана «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча окутуучуларга арналган.
Бул мааламаттык баракча «Введение депутатов местных кенешей в местное самоуправление» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган.
 Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин коз карашына дал келбеши мүмкүн.
О 1203020100-13 УДК 342
ISBN 978-9967-11-395-4 ББК 67.99 (2) 05
© Орозбаев Б. И., Чекиров А. А., Эсенбеков С. А., 2013
© Н. Н. Добрецованын ред. астында, 2013
© Өнүктүрүү саясат институту, 2013



 

Версия для печати: print

Иш-чаралар