Курманбек айыл аймагында өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылды

Жыйынга демилгечи топтордун өкүлдөрү, жергиликтүү коомчулук, айыл аймактын ар бир айылынын башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн адистери, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Булак: Аймак.kg, автор: Санрабия САТЫБАЛДИЕВА

Сузак районунун Курманбек айыл аймагында 2014-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, ушул жылдагы биргелешкен аракет планынын 6 айлык аткарылышы боюнча жыйын болуп өттү. Анда айыл аймагынын башчысынын орун басары Бактыбек Суюнбаев өткөн жылы артыкчылыктуу көйгөйлөр аныкталып аларды чечүү процесстери жүргөндүгүн, андан сырткары “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору менен кызматташып, анын алкагында Өнүктүрүү Саясат Институту менен иштешкендигин жана бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Ага кошумчалай 2015-жылдагы аткарыла турган иштерди ортого салып, артыкчылыгы бар көйгөйлөр ортого салынып, талкууга алынды. Жыйынга демилгечи топтордун өкүлдөрү, жергиликтүү коомчулук, айыл аймактын ар бир айылынын башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн адистери, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Бюджет маселесине келгенде ФЭБ башчы Элзат Эрматова бюджеттин аткарылышы үчүн коомчулукта баары ачык айкын болсун деп, жыл ичиндеги аткарган иштерге кеткен каражаттарды, киреше жана чыгашалар тууралуу маалыматты жыйындын катышуучуларына түшүндүрүп өттү.

Ал эми Б.Суюмаевдин айтымында өткөн жылдын апрель айынан тарта айыл аймакта Өнүктүрүү Саясат Институту аткарган Швейцария өкмөтү тарабынан Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору өз ишин баштап, аймактагы көйгөйлөрдү аныктоо үчүн демилгелүү топтор түзүлүп, биргелешкен аракет планы түзүлүп, 4 артыкчылыктуу долбоордун ичинен “Ааламга кеткен жол – айылдан башталат” артыкчылыктуу долбоору тандалып алынып, жыйынтыгында МТЗ-82 маркасындагы трактор сатып алып, жогоруда көрсөтүлгөн долбоор миллион сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүп, айыл аймагы өзү 187 миң сом сарптаганын билдирди. Андан сырткары айыл аймактын айылдарында 1 ФАП, спорт зал, мектептердин чатырлары, ички жолдордун оңдоп-түзөө иштери, жана мектептерге керектүү эмеректер алынганын билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан бир топ көйгөй жараткан маселелер айтылып, ага айыл башчылар өз жоопторун беришти.

-Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Швейцария өкмөтү менен иштеп келе жатканыбыздын бизге пайда жактары көп болуп жатат. Айыл өкмөтүбүзгө трактор алдык, андан сырткары мурда боло элек жаңылануулар болууда. Буйруса мындан ары да иштешебиз,- деп билдирди айыл аймагынын башчысынын орун басары.

Соңунда Швейцария мамлекети тарабынан пилоттук жардам үчүн бериле турган 400 миң сомго аткарыла турган 3 көйгөй аныкталды. Алар, мектептерге кошумча эмерек алуу, айылдарга электр мамыларын орнотуу жана алынган тракторго кошумча жабдыктарды алуу. Бөлүнүп жаткан акчаны иштетип, натыйжасын көрсөтүү убактысы чектелүү экенин эске алган жыйындагылар тракторго кошумча жабдуу алууну туура көрүштү.

Эскерте кетсек, Курманбек айыл аймагынын жалпы аянты 290 10, райондунборборуна чейинки аралык 58 км,жалпысынан 6 айыл бар. Жашоочулардын жалпы саны 12 475 болсо анын ичинен 6 279 эркек киши, 6 196сы аял киши. Айыл өкмөттүн аппаратында 25 кызматкер эмгектенсе, айылдык кеңеште 21 депутат бар.  

Версия для печати: print

Иш-чаралар