Элетте эл активдүү боло баштады

Айыл аймагынын башчы Чолпонбек Мурзаканов да бюджеттин аткарылышы боюнча элге отчёт берип, 2015-жылда аткара турган көйгөйлөрдү аныктады.

Үч айылды камтыган эсил кайран Лениндин атын алып жүргөн айыл аймагында 7 миң 50 адам жашайт жана жалпы бюджети 7 млн. 915 миң сомду түзөт. Ленин айыл аймагында 9 улуттун өкүлдөрү жашайт. Айыл аймагынын башчы Чолпонбек Мурзаканов да бюджеттин аткарылышы боюнча элге отчёт берип, 2015-жылда аткара турган көйгөйлөрдү аныктады.

Ч.Мурзакановдун айтымында 2014-жылы киреше булактарынан алынуучу киреше салыгы 1015 миң сомго пландаштырылып, бирок 903,7 миң сом гана чогулуп 89 ,03% аткарылган. Ыктыярдуу патент салыгы 55 миң сомго пландаштырылып, бирок 59,65 миң сом жыйнап, 108,45 сомго аткарган. Транспорт салыгында 261, 13 миң сом чогулуп, 150 %га аткарылган. Там арка, айыл чарба жер салыгы да ашыгы менен аткарылган. Айыл аймагы 2014-жылга 2928, 2 миң сом пландаштырып, иш жүзүндө 3005, 77 миң сом (102,64) салык жыйналган.

Ал эми бул бюджеттин каражаты сессиянын чечими менен төмөнкү жумуштарды аткарууга жумшалганын айыл башчысы айтып өттү:

Жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом ички чарбалык каналдарды К-700 трактору менен тазалоо үчүн берилген. Мындан сырткары ички чарбалык каналдарды реабилитациялоо үчүн Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен 33 млн. сомго долбоор жазылып, 2014-жылда 7 млн. 124 миң сомдук иштер аткарылган. Ленин айылындагы суу скважинанын насосун оңдоп-түзөө үчүн 50 миң сом, Орто-Сай айылындагы таза суу скважинага 150 миң сом, Жыгач-Коргон айылындагы Сулайманов көчөсүнө таза суу тартууга 25 миң, Чойбек палван көчөсүнүн баш жагындагы суу скважинасынын суу мунарасын ишкер берүү үчүн 25 миң сом берилген. Ошондой эле Ю.Гагарин атындагы мектебинин чатырын оңдоп-түзөөгө 100 миң сом, дааратканасын курууга 100 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланган. С.Жээнбековдун мектебинин 2 классын полдоо үчүн 92 миң 600 сом, А.Тажибаев мектебинин сантехникалык иштерине 100 миң сом берилген. Бала-бакчага 120 миң сом, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 50 миң сом колдоо көрсөтүлдү. Жаңы конуштар үчүн 200 миң сомго 23 даана электр мамычалары сатып алынды. Ленин айылындагы маданият үйү республикалык бюджеттин каржылоосу менен 2 млн. 300 сомго тендер өткөрүлүп, бүгүнкү күндө чатыры жабылып бүттү. Эшик-терезелер алмаштырылып жатат. Жыгач –Коргон айылында 2 жакыр үй-бүлөгө 300 миң сомго ”Тамак ашка болгон укук” долбоорунун негизинде 2 теплица куруп берген. 5 жакыр үй-бүлөгө 435 сомдук 5 саан уй сатып берилген. Мында башка социалдык жактан коргоого 195 миң сом жумшалган.

Жыйында Швейцария мамлекети тарабынан пилоттук айыл аймактарына бериле турган 450 миң сомго үч көйгөй аныкталды. Алар трансформатор, таза суу, маданият үйүнө эмеректин зарылдыгы айтылып, көптөгөн талаш тартыштардын негизинде таза суу долбооруна артыкчылык беришти.

Орозалы Карасаров, “Аймак” 

Версия для печати: print

Иш-чаралар