Жаш изилдөөчүлөр үчүн “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги” аттуу докладдар сынагы!

Докладдар электрондук түрдө 2016-жылдын 1-марты саат 18.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Үсөнбаев көч, 44, Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсеси

Урматтуу студенттер, магистранттар, жаш окутуучулар жана окумуштуулар!

2016-жылдын март айында жаш изилдөөчүлөрдүн “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги-2016” темасына ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Конференциянын уюштуруучулары: Өнүктүрүү саясат институту, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик.

Конференцияга катышууну каалагандар баяндамачыга эскерткичте көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген докладды уюштуруу комитетине жибериш керек. Докладдарды конференциянын уюштуруу комитетине (Өнүктүрүү саясат институту) 2016-жылдын 1-мартына чейин жиберүү керек. Докладдарды кароодо “Антиплагиат” программасы колдонулат. Конференциянын уюштуруу комитети докладдарды тандап алып, авторлоруна конференцияга катышары тууралуу кабар берет. Мыкты деп табылган докладдар баалуу белектер менен сыйланып, конференциянын материалдар жыйнагында, “Вестник АГУ ПКР” басылмасында жана “Муниципалитет” журналында (макулдашуу ирээтинде чечилет) жарык көрөт. Жыйнак Китеп палатасында катталат. Докладдардын илимий жетекчилерин өзүнчө сыйлоо жагы да каралган.

Доклад даярдоочуларга жардам катары 2015-жылдын октябрь-ноябрь айларында өлкөнүн 7 жогорку окуу жайында 19 ачык лекция өткөрүлдү. Лекциялар Өнүктүрүү саясат институтунун эксперттери тарабынан өткөрүлдү. Бардык лекцияларга катышкан адамдардын саны 1000ге чукул болду.  Лекциялардын графиги, күнү, убактысы жана орду Өнүктүрүү саясат институтунун сайтында www.dpi.kg “Сынактар жана вакансиялар” бөлүмүндө берилген. Мындан сырткары, толук маалыматты окуу жайлардын тиешелүү кафедраларынан алсаңыздар болот.

Конференциянын тематикалык секциялары:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ресурстары жана ишинин жыйынтыктары;

3) муниципалдык кызмат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрлары);

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коомдун өнүгүүсүндөгү ролу.

Докладдардын авторлоруна болгон талаптар жана эскерткич 1-тиркемеде берилген.

Докладдардын болжолдуу темалары 2-тиркемеде берилген . Анткен менен баяндамачылар докладдын (изилдөөнүн) темасын өз алдынча тандай алат.

Өз байкоолорунун жана изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына негизделген докладдарга артыкчылык берилет. Басып чыгарылган рефераттар докладдар катары кабыл алынбайт.

Докладдар эки категорияга топтоштурулат: 1) студенттер  (бакалавриаттар жана специалитеттер); 2) магистранттар, жаш окутуучулар жана окумуштуулар (анын ичинде аспиранттар, изденүүчүлөр жана изилдөөчү-практиктер).

Докладдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде кабыл алынат.

1-тиркеме

ДОКЛАДДЫН АВТОРЛОРУНА ТАЛАПТАР:

ЖОЖдун жогорку курсунда окуган студенти (бакалавриаттар жана специалитеттер), 35 жашка чейинки окутуучу, окумуштуу, эксперт (анын ичинде аспиранттар, изденүүчүлөр жана изилдөөчү-практиктер) .
Докладдын темасы боюнча илимий жетекчинин болушу шарт (студенттер үчүн).

БАЯНДАМАЧЫЛАРГА ЭСКЕРТКИЧ

Доклад тандалып алынган темага шайкеш келиш керек; докладдын көлөмү А4 форматындагы 8 беттен ашпаш керек. Конференцияга катышуу үчүн тандалып алынган докладдар үчүн көрсөтмө материалдардын – Power Point программасында даярдалган презентациялардын болушу шарт. Оозеки докладдын узактыгы – 15 мүнөттөн ашпаш керек.

Конференциянын уюштуруу комитети докладдарды төмөнкүдөй критерийлер боюнча тандайт:

  • докладдын, изилдөөнүн темасынын актуалдуулугу;
  • докладдын, изилдөөнүн тереңдиги (изилдөөчүлүк мүнөзү, эксперименталдык материалдын колдонулушу, экономикалык натыйжалуулуктун эсептелгендиги, автордун сунуштары);
  • докладдын, изилдөөнүн өз алдынчалыгы;
  • материалды баяндап берүүнүн формасы;
  • докладды талаптарга ылайык тариздөө.

ДОКЛАДДЫ ЖАСАЛГАЛООГО КАРАТА ТАЛАПТАР:

Жасалгалоо Microsoft Word редакторундагы күүлөөнүн төмөнкүдөй параметрлери бар компьютерде орнотулган шаблондор боюнча жүзөгө ашырылат:

  • Times New Roman (Times New Roman Cyr) ариби, кадимки, өлчөмү – 12. Таблицаларда 10го чейин кичирейтүүгө уруксат берилет (текст батпай жатса);
  • саптар аралык интервал: А4 форматы – бир кабат; таблицаларда 10 пунктка чейин кичирейтүүгө уруксат берилет (эгерде текст батпай жатса);
  • сөздөрдү көчүрүү менен туурасынан теңдөө (таблицаларда теңдөөнү зарылчылык болсо колдонуңуз);
  • беттердин номуру төмөн жактагы колонтитулдун оң жагына коюлат (биринчи бет номерлештирилбейт).

Текстте сүрөттөргө жана таблицаларга уруксат берилет. Тексттеги сүрөттөр ак-кара түстө гана болуш керек, беттин астындагы жазуулар MS Word документинде терилиш керек.

Биринчи беттин үстүңкү оң бурчунда доклад жиберилип жаткан секция сөзсүз көрсөтүлүш керек. Андан кийин докладдын аталышы жазылат – баш тамгалар жана кара шрифт менен. Андан кийин авторлордун жана илимий жетекчинин аты-жөнү, анын илимий даражасы, окуу жайдын аталышы толугу менен жазылыш керек. Андан соң текст жазылып, соңунда библиографикалык тизме көрсөтүлөт.

Жогорудагы талаптарга жооп бербеген докладдар кабыл алынбайт.

Докладдар электрондук түрдө 2016-жылдын 1-марты саат 18.00гө чейин  кабыл алынат.

Конференциянын уюштуруу комитетинин дареги:

Бишкек ш., Үсөнбаев көч, 44, Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсеси, тел.: (312) 97 65 30,31, факс: (312) 97 65 29, сайт: www.dpi.kg

Байланыш үчүн: Күмүшбеков Нурдин, муниципалдык кызмат боюнча адис, e-mail: nkumushbekov@dpi.kg.

Версия для печати: print

Иш-чаралар