“2018-жылдын бюджетин түзүүдѳ жарандардын реалдуу катышуусу” сынагы

Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2017-жылдын 1-сентябрдан 15-сентябрга чейинки мезгилде бериш керек.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

Сынактын негизги максаттары:

  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу конституциялык принципти дагы да масштабдуу кармануусуна көмөктөшүү (КР Конституциясынын 52-беренеси, 3-п.);
  • ЖӨБ органдарынын бюджет долбоорунда калктын керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эсепке алуу тажрыйбасын жана ниетин колдоо;
  • айыл өкмөтүнүн өз бюджет долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүү тажрыйбасын жана каалоосун колдоо;
  • ЖӨБ органдарынын калк алдында айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуусуна көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө чындап катышкан КР жарандарынын санын арттырууга көмөктөшүү.

Тапшырык берүүчүлөр: Сынактын катышуучулары болуп Чүй, Ош, Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары эсептелет. Алар 2017-жылдын 15-июнунан 20 августуна чейинки мезгил аралыгында 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.

Тандоо критерийлери: Тапшырыктар тиркелген материалдардын сапатынын негизинде да, ошондой эле ар бир муниципалитетте жарандык топтор менен кайра байланыштын негизинде да бааланмакчы.

Байгелер: Сынактын жалпы байге фонду – 400 000 сом. Байге фонду Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу түзүлдү.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө гранттар төмөнкү тартипте ыйгарылат:

  • I орун – 100 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • II орун – 80 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • III орун – 70 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • Шыктандыруучу байгелер: ар бири – 30 000 сом өлчөмүнө чейин.

Байге каражаттары  жергиликтүү жамаат менен ЖӨБО бирге аракеттешүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдууну сатып алуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Жабдуулар тѳмѳндѳгүдѳй болушу мүмкүн:

  • Компьютердик жабдыктар; компьютерлер, принтерлер, интернетке кошулуу үчүн USB модемдер, цифралык фотоаппараттр, проекторлор, проекторлор үчүн экрандар;
  • Коомчулукту маалымдоо системалары: микрофондор, колонкалар, рупорлор,үндү күчөткүчтөр;
  • Коомдук иш-чараларды өткөрүүгө эмеректер: отургучтар, креслолор, столдор;
  • Мектептерге спорттук инвентарлар: спорттук формалар, топтор, сеткалар;
  • Музыкалык шаймандар: комуздар, гитаралар, аккардеондар, синтезаторлор;
  • Бала-бакчага китептер, оюнчуктар.

Долбоордук табыштаманы берүү мөөнөтү: Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2017-жылдын 1-сентябрдан 15-сентябрга чейинки мезгилде бериш керек.

Версия для печати: print

Иш-чаралар