КР премьер-министри: “Өкмөт бийликти дагы да көбүрөөк децентралдаштырууга маани берет”

КР премьер-министри: “Өкмөт бийликти дагы да көбүрөөк децентралдаштырууга маани берет”

Конференциянын ишине Премьер-министр, КР Өкмөт мүчөлөрү, КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери, Комитеттердин төрагалары жана депутаттар, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын жетекчилери, жарандык коомдун, донордук жамааттын, ММКнын өкүлдөрү катышты.

2015-жылдын 13-14-март күндөрү Бишкекте “Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын биригүүсү жана эффективдүү өз ара аракети: ресурстар, эффективдүүлүк, ишеним” аттуу Эл аралык конференция өттү.

Конференциянын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет жана Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен кызматташтыкта каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту.

Конференциянын ишине Премьер-министр, КР Өкмөт мүчөлөрү, КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери, Комитеттердин төрагалары жана депутаттар, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын жетекчилери, жарандык коомдун, донордук жамааттын, ММКнын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев дал ушул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күн сайын жарандар менен тыгыз байланышта болгондуктан Өкмөт бийликти дагы да көбүрөөк децентралдаштырууга маани бере турганын белгиледи. КР Премьер-министри муниципалитет жетекчилерин өз мүмкүнчүлүктөрүн билиш үчүн мамлекетте иштеп жаткан мыйзамдар, финансылык иштер жана башка укуктук документтер жаатында такшалууга чакырды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрайымы Наталья НИКИТЕНКО өз баяндамасында ушул тапта Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ченемдик укуктук базасы дагы да анык билине баштаганын белгиледи. Ошону менен бирге мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажыратууга, ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартибинин сакталышына байланышкан актуалдуу маселелери калып жатканына көңүл бурду.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин айтымында, мамлекеттик органдар тарабынан ЖӨБ органдарын текшерүүнү өркүндөтүү, тартипке келтирүү жана мыйзамдар менен жөнгө салуу зарылчылыгы бышып жетилди. Себеби текшерүүнүн азыркыдай башаламан системасы барган сайын курч терс мүнөзгө айланып, ЖӨБ органдарынын эффективдүү ишине бут тосуп жатат.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучуларга эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган баяндамалары жана презентация түрүндөгү материалдары тартууланды. Аны менен бирге Латвиянын, Орусия Федерациясынын, Тажикстандын, Польшанын, Казакстандын жана Кыргызстандын тажрыйбалары сунушталды. Эки күндүк иштин жыйынтыгы боюнча конференциянын катышуучулары Резолюция кабыл алып, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүнүн маанилүү конституциялык уламасы болуу менен коомдун социалдык туруктуулугуна жана экономикалык өсүшүнө таасирин тийгизип, жарандардын сапаттуу, өз убагында ишке ашырылган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүнө шарт түзгөнүн белгилеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча бир катар сунуштарды беришти.

Орус жана кыргыз тилдериндеги калган баяндамаларды жана материалдарды, жана англис тилиндеги кээ бир материалдарды интернеттен www.dpi.kg дареги боюнча таба аласыз.

РЕЗОЛЮЦИЯ

Версия для печати: print

Иш-чаралар