Сыйлыктар өз ээлерин табышты

Сыйлыктар өз ээлерин табышты

27-ноябрда Бишкек шаарында “Жергиликтүү демилге: бүгүн, эртең” темасында облустук форум болуп өттү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) жана этникалар аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин, КРнын ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү катышкан бул форумдун жүрүшүндө, Чүй облусунун айылдык аймактарынан жана чакан шаарларынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  жана жарандык коомдун (ЖК) өкүлдөрү ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын кызматташтыгы аркылуу жергиликтүү деңгээлде актуалдуу көйгөйлөрдү, аларды чечүү жолдорун карап чыгып, талкуулашты.

Иш-чараны Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору уюштурду.

Талкуу аяктап, иштелип чыккан натыйжалар катышуучуларга тартууланган соң, 2017-жылы Чүй, Нарын жана Ош облустарынын бардык муниципалитеттери арасында өткөрүлгөн үч конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.

 “2017-жылы биздин Долбоордун алкагында Ош, Нарын жана Чүй облустары үчүн өткөрүлгөн үч конкурстун жалпы байге фонду 1 397 500 сомду түздү, - деп жыйынтыгын чыгарды Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин өтүнмөлөрүнө ылайык, бул каражатка жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдуулар сатып алынган жана дагы сатып алынат. Шыктандыруучу байгелердин ээлери да жеринде коомдук угууларды өткөрүү үчүн зарыл болгон түрдүү аспаптарды жана жабдууларды сатып алышууда. Мындан тышкары байге ээлеринин өтүнмөлөрү боюнча бала бакчалар үчүн оюнчуктар, китептер, столдор жана отургучтар сатып алынууда. Биз Долбоордун алкагында жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоодо элеттик муниципалитеттердин аракеттерине дем берүү максатында аларга колдон келишинче жардам жана колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Анткени жергиликтүү жамааттар алдында жогорулатылган отчеттуулук аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруу, жеринде чечим кабыл алууга жарандардын дагы да жигердүү катышуусу Долбоордун негизги максаты болуп эсептелет”.

Версия для печати: print

Иш-чаралар