Ош облусунун 11 айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайттары ачылды
Жаңы ачылган веб-сайттарда иштөө көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн ЭҮЖӨБОЖ долбоору тарабынан атайын практикалык семинар уюштурулду.
2018-жылдын 6-7-июнь күндөрү Ош шаарында муниципалдык веб-сайтты башкаруу темасына арналган практикалык семинар болуп өттү.
Семинардын жүрүшүндө облустун 11 айылдык аймагынын:
- Бүлөлү (Алай району),
- Мангыт (Араван району),
- Ылай-Талаа (Кара-Кулжа району),
- Кызыл-Суу (Кара-Суу району),
- Шарк (Кара-Суу району),
- Гулистан (Ноокат району),
- Көк-Жар (Ноокат району),
- Ак-Жар (Өзгөн району),
- Жазы (Өзгөн району),
- Чоң-Алай (Чоң-Алай району),
- Мады (Кара-Суу району)
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистери ар бир аймак үчүн атайын түзүлгөн веб-сайтта иштөө ыкмаларын өздөштүрүштү. Иш-чара Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында уюштурулду.
Семинардын негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка болгон жеткиликтүүлүктү камсыздоо, айыл аймактарда болуп жаткан иш-чаралар тууралуу жергиликтүү калкка өз убагында маалымат берүү жана жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматты ачыктоо. Муниципалдык веб-сайттар жогоруда аталган он бир айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуусунун негизинде иштелип чыкты. Өз убагында ушундай эле веб-сайттар Долбоор мурда иштеген Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдары үчүн да иштелип чыккан.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жаңы муниципалдык веб-сайттардын модулдары жана бөлүмдөрү менен таанышып чыгып, сайтка жайгаштыруу үчүн жаңылыктарды, тексттерди, тиркемелерди, сүрөттөрдү даярдоо жана кайчылаш шилтемелерди коюу ыкмаларын үйрөнүштү. Жайгаштырууга даяр болгон материалдарды веб-сайтка жайгаштыруу процесси семинардын практикалык бөлүгүндө ишке ашты.
Катышуучулардын айтымы боюнча, мурун бул багытта иштебегендиктен, жаңы билим жана көндүмдөр алар үчүн татаалыраак болду, бирок алар веб-сайттарын толтуруу жана аларды популярдуу кылууну максат кылып койгондуктан, семинардын жүрүшүндө таратылып берилген Колдонмону окуп чыгып, түшүнүп, веб-сайттар менен андан ары иштөөнү улантышаарын айтышты.
Ушундай эле практикалык семинар Нарын облусунун 5 айылдык аймагы үчүн май айында өткөрүлүп, азыркы учурда Долбоордун алкагында техникалык консультациялар уланууда.