Кызыл-Суу аймагынын БМжБТ мүчөсү: "Биз, жарандар, аң-сезимибизди оңдошубуз керек экен"

Кызыл-Суу аймагынын БМжБТ мүчөсү:

2018-жылдын июнь-июль айларында жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, айылдык кеңештердин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн адистери катышкан “Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууда жана бюджеттик процесске катышуусу” деген аталыштагы окутуулар өтүүдө.

22-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылдык аймагынын 28 өкүлү катышкан окуунун жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү маанидеги чечилүүчү маселелердин он экисин атап, андан соң өз алдынча маалымат менен таанышып, ал тизмеге дагы бешөөнү кошо алышты. Жергиликтүү тургундар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө кантип катыша ала тургандыктары боюнча катышуучулар төмөнкү  демилгелерди сунушташты: 

  • Тарыхый-маданий мурасын сактоо.
  • Калктын маалыматтуулук деңгээлин жогорулатуу.
  • Жаштардын арасында спортту өнүктүрүү. Волейбол оюнун уюштуруу.
  • Тарыхый-маданий мурасын коргоо.
  • Ишкана-мекемелердин айлана-тегерегин жакшылоо. Конкурс уюштуруу.

Мындан сырткары, окуунун программасына ылайык, суроо-жооптор сессиясында жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү, алардын булактары, салык базасын жогорулатуу, жарандардын ролу, таштандыны топтоо жана чыгаруу, ал кызмат үчүн тарифтер, таза суу ж.б.у.с. маселелердин тегерегинде жүргүзүлүп, катышуучулардын арасында активдүүлүктү күчөттү.

Чакан топтордо иштөө бөлүгүндө катышуучулар Биргелешкен аракеттер планынын жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга карата долбоорундагы ордун жана анын ресурс булактарынын бар же жок экендигин айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономика бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда талдап чыгышты. Андан соң Бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүнүнүн негизинде суроолор жана сунуштар даярдалды. 

Катышуучулардын өздөрүнүн айтымында, окуу кыска убакытка эсептелген болсо да, анын эффективдүүлүгү абдан жогору болду.   

“Биз ар дайым эле акча жетишсиз дей берип, бирок анын себептери тууралуу ойлонбойт экенбиз. Ал эми анын себеби – жарандар салыкты же башка төлөмдөрдү толук жана өз убагында төлөбөгөндүгүндө экен да! Биз, жарандар, аң-сезимибизди оңдошубуз керек экен. Биз эми тургундар арасында тийиштүү төлөмдөрдү жана салыктарды өз убагында төлөп туруулары жана анын зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз, - деди Бирдиктүү мониторинг жана баалоо тобунун мөчөсү Бостонбаева Т.

Ал эми Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Касымов К. окуунун натыйжасында ал жарандардын бюджеттик процесстеги ролу чоң экендигин түшүнгөндүгүн айтты: “Мен бюджеттик процесс тууралуу билчүмүн, биро андагы жарандардын ролунун мынчалык чоң экендигин ойлогон да эмес экенмин. Мисалы, биз көйгөйлөрдү кантип жана кайсы булактардын каражаттарынан чечип жаткандыгыбыз менен эч кимдин иши да жок болчу. Эми биз жарандар талап гана кое бербестен, өздөрүнүн да катышуусун көзөмөлдөйбүз”.

Аталган аймактагы окутуунун жыйынтыктары боюнча катышуучулардын билим деңгээлинин өсүү динамикасы 43,9% түздү (окуунун башталышында - 44,6 %, окуудан кийин – 88,5 %).

 

Темага тектеш материалдар:

Версия для печати: print

Иш-чаралар