“2019-жылга бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун жыйынтыктары
Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу (SDC) Швейцариянын Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн “2019-жылга бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун жеңүүчүлөрүн тандап алуу боюнча конкурстук комиссиянын
ЧЕЧИМИ
Бишкек ш. 2018-жылдын 15-октябры.
Конкурстук комиссиянын курамы:
- Мамытов А.Т., “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун адиси;
- Исмаилов А.К., Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү;
- Исалиева В.А., КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын Уюштуруу иштери, ЖӨБ органдарына усулдук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү Башкармалыгынын башкы адиси;
- Нурунбетов С.Б., КР Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын бюджет аралык мамилелер саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Конкурстук комиссия Ош жана Нарын облустарынын ЖӨБ органдарынан түшкөн 24 (жыйырма төрт) өтүнмөнүн ар бирин жекече карап жана баалап чыгып, төмөнкүдөй
ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ:
- Төмөнкү айыл өкмөттөрү “2019-жылга бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” конкурсунун жеңүүчүлөрү деп таанылсын:
- Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнө 100 000 сом өлчөмүндө байге ыйгаруу менен – 1-орун;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө 80 000 сом өлчөмүндө байге ыйгаруу менен – 2-орун;
- Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө 70 000 сом өлчөмүндө байге ыйгаруу менен – 3-орун.
- Төмөнкү айыл өкмөттөрүнө 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгелер ыйгарылсын:
- Кара-Кулжа районунун Ылай-Тал айыл өкмөтүнө;
- Ноокат районунун Гүлистан айыл өкмөтүнө;
- Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнө;
- Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө;
- Ак-Талаа районунун Терек айыл өкмөтүнө;
- Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөтүнө;
- Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл өкмөтүнө;
- Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнө.