"Жергиликтүү демилге - 2018" регионалдык форуму Ош шаарында

2018-жылдын 15-ноябрында Ош шаарында “Жергиликтүү демилге – 2018” темасында регионалдык форум өтөт.

Иш-чараны Кыргызстандын аймагында 2011-жылдан бери аткарылып келе жаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) уюштурууда. Долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылап, кыргызстандык мекеме – Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

Форумдун жүрүшүндө Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жарандык коомдун өкүлдөрү, Ош жана Нарын облустарында өткөрүлгөн үч конкурстун жеңүүчүлөрү, байге ээлери жана башка катышуучулар өздөрүнүн аймактарында ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын кызматташтыгы аркылуу аныкталып, андан соң ишке ийгиликтүү ашырылган жергиликтүү демилгелерди аткаруу тажрыйбалары тууралуу кесиптештерине айтып беришет. Мындан сырткары иш-чарада Бишкек жана Баткен шаарларынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жарандык демилгелер жана мамлекеттик социалдык заказдын алкагындагы коомдук-пайдалуу долбоорлор менен бөлүшүшөт. Форумдун соңунда Ош облусунан аныкталган үч конкурстун жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына дипломдор, сертификаттар жана байгелер тапшырылат. 

Иш-чаранын расмий өнөктөштөрү – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү да форумга катышышат. 

2018-жылы “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында үч конкурс өткөрүлдү: “Жергиликтүү демилге 2018”, “2019-жылга карата бюджетти түзүүгө жарандардын реалдуу катышуусу” жана “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) ролу”. Үч конкурстун жалпы байге фонду 1 миллион 420 миң сомду түзүп, ал каражаттар Швейцария Өкмөтү тарабынан камсыздалды. Үч конкурсту бириктирген бирден-бир максаты – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү мисалдарды аныктоо, ал демилгелердин авторлоруна дем берип, тажрыйбаларды андан ары кеңири жайылтуу. Форумдун жүрүшүндө презентациялар тартууланган соң, катышуучулар аларды талкуулап, чакан топтордо иш алып барышат. 

Толук маалымат...

Версия для печати: print

Иш-чаралар