Кызыл-Октябрь муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 6 айылда жашаган 140 бала үчүн транспорт уюштурушту

Толук маалымат алуу үчүн Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Джаманкуловага кайрылаңыз болот. Тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

2018-жылдын 1-июнь күнү Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылдык аймагынын Кашкелең айылында “Келечек каттамы” салтанаттуу түрдө ишке берилет. Каттам – бул балдарды мектепке жана бала бакчага ташып туруу үчүн айыл өкмөтү сатып алган чакан бустун иши. Муну “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) колдоосу менен ишке ашыруу мүмкүн болду. Аталган долбоорду Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарып келатат.

Каттам – бул жергиликтүү жамааттын аныкталган муктаждыктарына ЖӨБ органдарынын иш аракети. Бул – аймактагы алыскы алты айылда жашаган 140 баланын ата-энесинин үнүнө жооп. Балдардын ата-энелери ЖӨБ органдары менен өткөрүлгөн чогулуштарда жана жыйындарда, ЖӨБОнун иш планын жана жергиликтүү бюджетин талкуулап жаткан учурда ушул маселени көтөрүп келишкен.

Кашкелең, Дорожное, Саз-Булак, Жел-Арык, Чолок жана Кыз-Күйөө айылдары Кызыл-Октябрь айылдык аймагына караган чакан айылдар. Райондук администрациядан 18 км алыстыкта жайгашкан бул айылдарда мектеп да, бала бакча да жок. Ошондуктан бул айылдарда жашаган 120 бала Кызыл-Октябрь айылындагы А.Аширбаев ат. орто мектепке жана 20 бала “Кызыл-Октябрь Келечеги” бала бакчасына барып келүүгө мажбур.

“Кызыл-Октябрь аймагында айыл өкмөттүн жана “Темир жолу” компаниясынын күчү менен балдарды мектепке жана бала бакчага ташуу иши уюштурулган. Бул үчүн 1990-жылы чыккан ТАРЗ үлгүсүндөгү 22 орундуу автобус колдонулуп келген. Бирок бул 140 баланын маселесин чече алган эмес. Автобус көп бузулуп, кээде балдар мектепке жана бала бакчага жете албай калышчу. Көпчүлүк ата-энелерде балдарын өз алдынча жеткирүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бул транспорттон тышкары айылдарга баруучу маршруттук каттам жок. Ошентип, алыскы айылдарда жашаган балдар сабакты көп калтыргандыктан окуу процессинде борбордук айылдагы курдаштарынан артта кала башташты. Жергиликтүү жамаат менен биргеликте чогулуш өткөрүп, анын жүрүшүндө элеттиктер транспорт көйгөйүн чечилиши керек болгон өзгөчө артыкчылыктуу маселе катары тандап алышты. Биз 2017-жылдын бюджетинде транспорт сатып алууга каражат бөлгөнбүз. Бирок балдардын саны көп болгондуктан бир автобус маселени чече алмак эмес. Ошол себептен Швейцария өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун Чакан гранттар программасынын конкурсуна өтүнмө жиберип, 1 миллион сом утуп алдык. Долбоордун колдоосу менен калктын суроо-талаптарына жооп берүүгө болгон аракетибизден майнап чыгып, 2014-жылы чыккан “Мерседес Бенц 223203” үлгүсүндөгү кошумча чакан-бус сатып алдык. Муну менен 120 окуучуну жана 21 баланы ташып туруу иши жолго салынды. Дагы жакшы, окуучулар эки нөөмөттө окушат”, - деп айтты Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Султанов С.

“Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун иш аракеттери жарандардын чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен ЖӨБ органдарынын коомдук финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруусуна көмөктөшүүгө багытталган.

Толук маалымат алуу үчүн Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Джаманкуловага кайрылаңыз болот. Тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар