Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарын колдонуунун актуалдуу маселелери

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарын колдонуунун актуалдуу маселелери

Суроолор-жооптор жыйнагы.

Жалпы редакция:

  • Бекиев Б.Ж. – «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун жетекчиси,
  • Орозбаев Б. И. – «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун улуттук деңгээлде иш алып баруу боюнча программалык менеджери.

Авторлор:

  • Жумакова Ж. Т. – «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун юридикалык маселелер боюнча консультанты,
  • Күмүшбеков Н.Т. – «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун муниципалдык кызмат боюнча адиси,
  • Мамыралиева Н. К. – «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун укуктук маселелер боюнча адиси.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарын колдонуунун актуалдуу маселелери: Суроолордун-жооптордун жыйнагы.-Б.: 2020.-120 б.

Бул жыйнак мамлекеттик сатып алуулардын ар түрдүү өңүттөрү боюнча 161 суроодон жана жооптон турат.
Жооптор Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун адистери тарабынан даярдалган.

Жыйнакты даярдоодо 2020-жылдын 30-июнуна карата абалы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү  ченемдик укуктук актылары пайдаланылды. Жыйнак мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, студенттерге жана окутуучуларга, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларга кызыгышкан башка ынтызар адамдарга даректелген.

Жыйнак Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун колдоосу менен басылып чыгарылды.

© Өнүктүрүү саясат институту

Басылма Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун бардык аткаруу органдарына бекер (акысыз) таркатылат.

Жыйнактагы ой-пикирлер, тыянактар, корутундулар жана сунуштамалар авторлордун көз караштарын жана тажырыйбасын гана билдирет жана Швейцария Өкмөтүнүн Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттигинин (SDC) көз карашын чагылдыруусу милдеттүү эмес.

Бардык укуктар корголгон. Кандай формада жана кандай гана каражаттар менен болбосун, фотокөчүрмөлөөнү, үн жазууну, эске тутуучу кандай болбосун жабдууну же маалымат издөө тутумдарын кошуп алганда, электрондук же механикалык каражаттар менен таратууда укук ээсине: NDobretsova@dpi.kg, Office@dpi.kg электрондук дареги боюнча кабарландырып коюуну өтүнөбүз.

Версия для печати: print

Иш-чаралар