Мен - жергиликтүү кеңештин депутатымын

Мен - жергиликтүү кеңештин депутатымын

Оңдолуп, толукталган бешинчи басылышы.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 150 суроосуна жөнөкөй жооптордун жыйнагы.

УДК 342
ББК 67.99 (2) 05
О - 69

Б. И. Орозбаев, Н.К. Мамыралиева ж.б.

Н. Н. Добрецованын жана Б. Ж. Бекиевдин жалпы редакциясы астында

Мен – жергиликтүү кеңештин депутатымын: Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 150 суроосуна жөнөкөй жооптордун жыйнагы /Б. И. Орозбаев, Н. К. Мамыралиева, А. А. Чекиров, С. А. Эсенбеков; Н. Н. Добрецованын жана Б. Ж. Бекиевдин жалпы редакциясы астында. Бешинчи басылышы, оңдолгон жана толукталган. - Б.: Өнүктүрүү саясат институту, 2020-ж. - 144 бет.

ISBN 978-9967-11-395-4

Бул суроолордун жана жооптордун жыйнагы жергиликтүү кеңештин депутаттары туш болуучу реалдуу суроолорго жана көйгөйлөргө негизделген. Суроолор Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорунда фокус-топторду өткөрүү жолу менен чогулушкан жана муниципалдык финансыны жана ресурстарды башкарууну кошо алганда, жергиликтүү жамааттардын жашоо-турмушуна байланышкан темалардын кеңири  чөйрөсүн камтыйт. Жыйнакта берилген жооптор укук жана мыйзамдар боюнча адистер Б. И. Орозбаев жана Н. К. Мамыралиева, муниципалдык финансы жана бюджеттер аралык мамиле боюнча адис А. А. Чекиров, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мурдагы жетекчиси, айыл өкмөтүнүн башчысы катары 13 жылдык иш тажрыйбасы бар С. А. Эсенбеков кирген автордук жамаат тарабынан даярдалды.

Жыйнак, биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын муниципалитеттеринин жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкарууга кызыккандарга жана өз ара аракеттенгендерге, анын ичинде саясатчыларга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, коомдук ишмерлерге, студенттерге жана «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча окутуучуларга арналган.

Басылма Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттигинин (SDC) колдоосунда Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында жарык көрдү.

О 1203020100-13 УДК 342

ISBN 978-9967-11-395-4 ББК 67.99 (2) 05

© Орозбаев Б. И., Чекиров А. А., Эсенбеков С. А., 2013, 2014, 2016, 2017
© Н. Н. Добрецованын редакциясы астында, 2013, 2014, 2016, 2017
© Өнүктүрүү саясат институту, 2013, 2014, 2016, 2017

Басылмадагы ой-пикирлер, тыянактар, корутундулар жана сунуштамалар авторлордун позициясына жана тажрыйбасына таянат, бирок сөзсүз эле Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин (SDC) көз карашын чагылдыра бербейт.

Бардык укуктар корголгон. Бул басылмадагы материалдарды толугу менен же кайсы бир бөлүгүн электрондук, механикалык, сүрөт көчүрмөсү, үн жаздыруучу, эсте тутууга жардам берүүчү жана маалымат издөөчү каражат аркылуу колдонууда же жайылтууда сөзсүз түрдө бул басылманын укуктук жактан ээсине төмөнкү э-почтанын дарегине маалымдап коюуну өтүнөбүз: NDobretsova@dpi.kg; Office@dpi.kg

Версия для печати: print

Иш-чаралар