Долбоорлорго биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү: Бул кантип ишке ашат?

Долбоорлорго биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү: Бул кантип ишке ашат?

Толук маалымат: Нургуль Жаманкулова, Долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси, тел.: (0770) 771-711, NJamankulova@dpi.kg, www.vap.kg

ПРЕСС-РЕЛИЗ
2016-жылдын 25-апрели.
Кыргызстан, Бишкек                                            

26-апрелде Чүй облусунун Кант шаарында жана 28-апрелде Беловодск айылында  “Долбоорлорго биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү” темасына бир күндүк окуу иш-чаралары өткөрүлөт.

Окууга 17 муниципалитеттен 70ке жакын өкүл катышат. Алар 2016-жылдын Чакан гранттар программасы конкурсунда жеңип алып, 20-апрелде аларга 1 миллион сом көлөмүндө гранттык жардам алууга сертификаттар тапшырылган.

Окуулар Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат. Окуулар айылдык чогулуш маалында жергиликтүү жамааттар колдоого алган гранттык долбоорлорго мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жол-жоболору менен тааныштыруу максатында өткөрүлөт. Долбоорлор жергиликтүү калктын шарттарын жакшыртуу боюнча социалдык жактан маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган.   

Окуу процессинде катышуучулар төмөнкү темалар боюнча маалымат алышат:

  • “Мониторинг” деген эмне, анын максаттары жана тапшырмалары.
  • Долбоорго техникалык көзөмөл жүргүзүү.
  • Долбоорго мониторинг жүргүзүүнүн этаптары.
  • Долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү планы: иш-чаралар, индикаторлор, мониторинг усулдары, маалымат булактары, БМжБ тобунун документтери, долбоорго канааттануу.
  • Долбоордун туруктуулугуна мониторинг жүргүзүү.
  • Маалымат өнөктүгү.
  • Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү Планын иштеп чыгуу.

Окуунун жүрүшүндө темаларды жакшы өздөштүрүү максатында топтордо ар бир теориялык бөлүк практикалык иштер менен коштолот.

“Биз ар бир муниципалитеттен Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун төрттөн мүчөсүн чакырдык, - деп айтты тренер, Долбоордун гранттар боюнча адиси Султан Майрамбеков. – Боролдой, Бурана, Юрьевка, Кочкорбаев, Узун-Кыр, Кен-Булуң, Кызыл-Октябрь, Жээк айылдык аймактары жана Кемин шаары үчүн окууларды Ысык-Ата районунун Кант шаарында 26-апрель күнү өткөрөбүз. Ал эми Таш-Мойнок, Гроздь, Ак-Башат, Александровка, Фрунзе, Күн-Туу, Кызыл-Туу жана Биринчи Май муниципалитеттеринин өкүлдөрү үчүн окуулар Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында 28-апрелде өтөт”.

Буга чейин ушул эле муниципалитеттердин өкүлдөрү үчүн – 2016-жылдагы Чакан гранттар программасы конкурсунун жеңүүчүлөрү үчүн КР Финансы министрлигинин Окуу борборунда “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын негиздери” темасына тренинг уюштурулган. Бул тренинг долбоорлорду ишке ашыруу процессинде тендер жана башка жол-жоболорду өткөрүүдө мыйзам чыгаруу нормаларынын сакталышын камсыздайт.

Конкурстун шарттарына ылайык, утуп алынган каражаттар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын турмуш шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоого гана жумшалыш керек.

Версия для печати: print

Иш-чаралар